КҮНСОБОЛ: Тирүү адамга эстелик тургузуу туурабы?

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)

Талас облусунун Бакай-Ата районундагы маданият үйүнүн алдында 20 адамдын эстелиги орнотулуп, ачылышы 10-ноябрда өткөн. Алардын арасында мурдагы жаштар министри, Апрель баатыры Алиясбек Алымкуловдун да эстелиги бар. Тирүү адамга эстелик орноткон бул окуя коомчулукта кызуу талкууланууда.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Тирүү адамга эстелик тургузуу туурабы?" деп собол салды.

РЫСАЛИЕВ: “Алиясбек Алымкуловдун бюстунун орнотулушу тарбиялык жактан туура эле”

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев баатырларды көзү тирүү кезинде сыйлоо керектигин айтты.

Брежнев, Лениндин убагында көзү тирүү болсо дагы канча жолу эстелик тургузулган. Азыркы убакта Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовго бюст, эстеликтер тургузулуп келет. Адамдын эмгегине карата эстеликти тургузса болот. Алиясбек Алымкуловго бюст тургузулду. Бул боюнча кээ бирөөлөр ар кандай сын-пикирлерди айтып жатышат. Тарбиялык жагынан караганда эстелик тургузулганы туура эле. Баатырларды тирүү кезинде сыйлаш керек”, - дейт Рысалиев.

ОСМОНАЛИЕВ: "Алиясбек Алымкуловду айылдаштары ыңгайсыз абалга калтырган окшойт"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев тирүү адамга эстелик орнотуу туура эмес адатка айланып кетиши мүмкүн дейт.

“Тирүү адамга эстелик орнотуу Греция, Рим империяларында, Байыркы Египетте болгон. Алардын башкаруучулары бийликти мыкчып турушкан. Жакынкы тарыхта болсо, Советтер Союзунун эки жолку баатырына тирүү учурунда бюст орнотулган. Бирок биздин абалыбыз жаман болуп турган учурда Алымкуловдун мындай кадамга барганы туура эмес болду. Ал көкжал, ак ниет жигит. Айылдаштары эле муну ыңгайсыз абалга калтырган окшойт. Тирүү адамга эстелик орнотуу жаман адат да. Бизде акчасы көп адамдар толуп жатпайбы. Баары эле эстелигин орното берсе, Бишкек ташка толуп кетпейби. Алиясбек Алымкулов андайлардын катарына кирбейт. Бул окуяга ортого түшкөн бир-эки адам себепчи болуп калыптыр”, - деди Осмоналиев.

МИСКЕНБАЕВ: “Алиясбек Алымкуловго эстелик тургузулганын туура түшүнүү менен кабыл алуу керек”

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев Алиясбек Алымкуловго айылдаштарынын демилгеси менен эстелик тургузулганын айтты.

“Алиясбек Алымкуловго эстелик тургузулгандан бери социалдык түйүндүн колдонуучулары аны тепкилеп жатышат. Ич күйдүүлүк кылбаш керек. 7-апрелде каза болгондорго жана Алымкуловго Кыргыз Республикасынын Баатыры деген наам Роза Отунбаева президент болуп турганда берилген. Ага бул наамды берүүнү “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмеси колдогон. Ал революциянын алдында жүргөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Баатыры наамына татыктуу. Алымкуловго эстелик тургузулганын туура түшүнүү менен кабыл алыш керек. Анын айылдаштары сыймыктануу менен бизден баатыр чыкты деп эстелик тургузса керек. Тирүү адамга эстелик тургузуу туура эмес болуп калат. Бирок айылдаштары демилге көтөрүп, эстелик тургузгандан кийин туура түшүнүү зарыл. Алымкулов өзү макул болбосо дагы айылдаштары “биздин баатырыбызсың” деп эстелик тургузуптур”, - деди Мискенбаев.

МОЛДОКАСЫМОВ: "Райондук деңгээлде аттуу-баштуу адамдарга тирүү кезинде эстелик коюу кадыресе көрүнүш болуп калды"

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов эстелик менен бюсттун айырмасы бар экенин айтты.

“Райондук деңгээлде аттуу-баштуу тирүү адамдарга эстелик коюу кадыресе көрүнүш болуп калды. Райондук же айыл өкмөттүн бюджетинен акча иштетип, орнотуп жатышат. Бирок адам өзүнө-өзү эстелик тургузса одоно көрүнүш болуп, акылга сыйбай калат. Айыл өкмөттүк, райондук деңгээлдеги көрүнүктүүлөргө тургундар таанысын, билсин деп тирүү кезинде эстеликтерди коюп жатышат. Советттер Союзу учурунда да Советтер Союзунун Баатыры, Социалисттик Эмгектин Баатыры наамын эки жолу алгандарга тирүү кезинде эстелик коюуга уруксат беришкен болчу. Эгемендүүлүктү алгандан бери бул көрүнүш мамлекеттик деңгээлде кайталана элек болчу”, - деди Молдокасымов.

ТОКТОНАСЫРОВ: “Тирүү туруп эстелик тургузуу өзүн-өзү пропагандалоо, мактоого жатат”

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров көзү тирүү кезинде эстелик тургузуп алган жаман адат деген пикирде.

“СССР убагында деле кээ бир генерал, майор, социалисттик эмгектин баатырларына эстелик тургузулчу. Жаштыгына карабай Алымкуловдун эстелик тургузганы өөн, туура эмес көрүнүш болуп калды. Анын баатырдыгында шек жок. Апрель окуясында жарадар болгон, өзүнүн салымын кошкон. Бирок өзүнө эстелик тургузганы туура эмес. Бир гана Алымкулов эмес, башка Кыргыз өлкөсүнүн көрүнүктүү инсандары ушундай адаттан баш тартышса жакшы болмок. Тирүү туруп эстелик тургузганы өзүн-өзү пропагандалоого, мактоого жатат. Кыйын адамдарды эстеликсиз деле эл эскерет”, - деди Токтонасыров.

КЫЛЫЧЕВ: "Алиясбек Алымкуловго эстелик орнотуу аша чапкандык болду"

Жарандык активист Алга Кылычев тирүү адамга эстелик орнотуу кыргыз салтында жок деген пикирде.

“Эстеликтин, сыйлыктын өзүнүн орду болуш керек. Залкар адамдардын көзү өтүп кеткенден кийин кыргыз элине, урпактарга кандай эмгек кылганын унутпай жүрсүн деп эстелик тургузушат. Эстелик орнотуу тарыхыбызда бар болгонун балбал таштардан билсек болот. Менин пикирим боюнча, салтыбызда да эстеликти көзү тирүү адамга койбойт. Кыргыз өлкөсүндө Чыңгыз Айтматовго, Курманжан даткага, Дүйшөнкул Шопоковго эстелик койсо татыктуу болот. Сүймөнкул Чокморовдун татыктуу эстелиги жок. Алиясбек мырзанын да баатыр экенин сыйлайм. Ага чыныгы “баатыр” деген наамды урпактар бериши керек болчу. Менимче, ага эстелик орнотуу аша чапкандык болду. Өзү барып, эстеликтин ачылышында кол чаап отурганы да туура эмес көрүнөт экен. Баатыр деген атын булгап койгондой сезилди”, - деди Кылычев.

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров менен экс-муфтий Чубак Жалилов суроого жооп берүүдөн баш тартышты.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан