"ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына Жалал-Абад шаарынын тургуну салынып жаткан тротуардын сапаты начар курулуп жатканын айтып, билдирүү жөнөткөн эле.
"Курулушту кайсы компания жүргүзүп жатат, азырынча кабарым жок. Бирок ким куруп жатса дагы элди ойлоп коюшса жакшы болмок. Курулушчулар бордюрду жерди казып куюунун ордуна алдына топурак, таш төшөп кетип жатышат. Бул жыл айланбай эле талкаланып кала тургандай көрүнөт", - деп билдирген окурман.
Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевге кайрылганыбызда, ал SUPER.KG порталына төмөндөгүлөрдү билдирди.
"Аталган жолдорду мэриянын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы куруп жатат. Шаарда курулуп жаткан жолдордун баары мэриянын көзөмөлүндө турат. Жол бүткөндөн кийин дагы текшерүүдөн өткөрүлөт. Бардык курулуштар белгилүү бир мөөнөткө кепилдиги менен ишке ашырылат. Аталган мөөнөткө жетпей калса, тиешелүү тараптар жоопкерчиликке тартылат. Андыктан шаарыбыздын тургундарынын бул тууралуу кабатыр болуусуна негиз жок", - деп билдирди Мураталы Тагаев.