КҮНСОБОЛ: Өлкөдө күчтүү оппозициянын жоктугу кандай жыйынтыкка алып келиши мүмкүн?

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)

Акыркы убакта оппозициялык күчтүн жоктугу саясий кризиске алып келери талкуу болуп жатат.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Өлкөдө күчтүү оппозициянын жоктугу кандай жыйынтыкка алып келиши мүмкүн?" деп собол салды.

ЖЭЭНЧОРОЕВ: “Өлкөдө күчтүү, туруктуу оппозиция болбосо демократияны коркунучка алып келет”

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев өлкөдө күчтүү оппозиция бар деп ойлой турганын айтты.

“Мамлекетте күчтүү, туруктуу оппозиция болбосо демократияны коркунучка алып келет. Демократиялык башкарууну тоталитаризм же авторитаризм орнотууга алып келет. Эгерде өлкөдө оппозиция жок болсо, анда бир партиянын, бир топтун же бир адамдын бийлигин орнотууга алып келет.

Азыр оппозициялык күчтөр бар деп ойлойм. Бийликке сын-пикирлерди айтуу боюнча коомдук макулдашуу бар. Азыр коом жыйынтыктарды күтүп жатат. Эгерде тенденциялар өзгөрө баштаса оппозиция күчтөнө баштайт деген ойдомун. Бүгүнкү күндө башкаруу партиядагы болуп жаткан тирешүү жана күрөш - бул оппозициянын талаптары болуп эсептелет”, - деди Жээнчороев.

МАДУМАРОВ: "Коомдук маданияты бийик болгон өлкөдө эч качан бийликти бир адамга бербейт"

Саясатчы Адахан Мадумаров оппозициянын жоктугу бийликти шал кылат деген пикирин айтты.

“Оппозициянын жоктугу бийликти шал кылат. Тыптынч болуп калган мезгилде баарынын көзүн май басат. Бул кылымдардан бери такталган нерсе. Коомдук маданияты бийик болгон өлкөдө эч качан бийликти бир адамга бербейт. АКШдагы шайлоону карагылачы. Эл сенатты "республикачыларга", конгрессти "демократтарга" берди. Бул бийликтин кутуруп кетүүсүнө жол бербейт. Бизде болсо Ак Үйдөн баштап бала бакчанын башчысына чейин КСДПнын адамы болот. Ушул менен мамлекетке сокку урулат. Күчтүү оппозицияны эл түзөт. Мыкты азаматтар элдин пейили бузулуп турган мезгилде чыга алышпайт. 1990-жылдардын башында андай азаматтарды эл өзү алып чыккан. Парламентте оппозиция болгон эмес, болбойт дагы. Жогорку Кеңеште Атамбаев түзүп берген тизме менен келген партиялар бар. Алар башкарууга оңой болсун деп өтө сабатсыз, эрки жокторду тандап алышкан”, - деди ал.

БЕКНАЗАРОВ: “Президенттин келгенине 1 жыл болуп калды. Эми оппозиция пайда болот”

Саясатчы Азимбек Бекназаров күчтүү оппозиция биротоло жок болбойт деген пикирин айтты.

“Күчтүү оппозиция президенттер айткандай парламентте бар. Конституциялык деңгээлде оппозиция деп таанылган Жогорку Кеңеште эки фракция бар. Сыртта дагы бир топ оппозициялык партиялар бар. Бирок биримдиги, ынтымагы жок. Күчтүү оппозиция деп максаты, идеясы бар партияларды, кыймылдарды айтса болот. Бизде ким көбүрөөк президентти сөксө, ошол күчтүү деп айтылып калган. Бирок андай эмес. Бүгүнкү күндө системдүү, идеялуу оппозиция жок. Анткени бардык саясий күчтөр жаңы келген президентке мүмкүнчүлүк берип жатат. Мына бир жыл болуп калды. Эми оппозиция пайда болот”, - деди Бекназаров.

САСЫКБАЕВА: “Бийликтин элге каршы иш-аракеттерине тап бере турган күч жок болсо мамлекет өнүкпөйт”

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева күчтүү оппозиция жок болсо бийликти көзөмөлдөгөн киши жок болот деген пикирде.

“Бийликке сын айткан күч жок, алардын элге каршы иш-аракеттерине тап бере турган күч жок болуп калса мамлекет өнүкпөй, кайра артка кетет. Бүгүнкү күндө расмий оппозицияда “Ата Мекенден” башка фракция жок. “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы оппозицияда, бирок алар унчукпайт. Алардын оппозициялык ишин көрбөй жатабыз. Күчтүү оппозиция жок болуп жатат. Сырттагы оппозициялык күчтөр чогулуп башташты”, - деди Сасыкбаева.

КАДЫРБЕКОВ: "Оппозициясы жок мамлекеттерде "алтындай киши" болсо дагы коррупцияга малынып, туура эмес башкарууга түшөт"

Саясат таануучу Даниел Кадырбеков сынчыл көз караш болбосо бийлик коррупцияга малынарын айтты.

"Демократияны курабыз деген мамлекеттерде күчтүү оппозиция болушу керек. Себеби кайсы бийлик болбосун көзөмөлдөгөнгө, сындаганга булардан башка күч болбойт. Сынчыл көз караш болбосо бийлик коррупцияга малынып, туура эмес башкарууга бет алып, натыйжасыз жолго түшөт. Бийликтин катачылыктарын элдин атынан оппозиция айтып, көрсөтүп турганы эң туура нерсе. Себеби булар биздин институттардын бири-бирин көзөмөлдөп турган функциясын аткарат. Оппозициясы жок мамлекеттерде "алтындай киши" болсо дагы коррупцияга малынып, туура эмес башкарууга түшөт. Муну биз жүздөгөн жылдар мурун изилденген тажрыйбадан улам айтсак болот", - дейт Кадырбеков.

ТУРДУКУЛОВ: "Оппозициянын эң негизги функциясын парламенттеги оппозициялык партиялар аткарышы керек"

Жарандык активист Адил Турдукуловдун пикиринде, оппозициянын бар болушуна бийлик өзү кызыкдар болушу керек.

“Кыргыз мамлекети Борбор Азиядагы эң демократиялуу өлкө болуп саналат. Анын себеби бар. Анткени бизде ар дайым күчтүү оппозиция жана эркин жалпыга маалымдоо каражаттары болуп келген. Ушул 2 нерсе жок болгондо бизди демократиялуу деп санаганга негиз жок болот эле. Оппозициянын эң негизги функциясын парламенттеги оппозициялык партиялар аткарышы керек. Бирок бизде депутаттар дагы, фракциялар дагы күн карама сыяктуу. Алар кайсы бийлик болсо, кайсы президент келсе ошол жакка ооп кете беришет.

Бизде дайыма парламенттик эмес күчтөрдүн оппозициялык ролу абдан маанилүү болуп келген. Бирок азыр бул талаа да бош болуп жатканын көрүп жатабыз. Оппозициянын болушу абдан маанилүү. Бийлик оппозицияны басып, жок кылууга аракет кылса дагы майнап чыкпайт. Башка жолдор менен бийликке каршы чыкканга аракет жасай беришет. Бул нерсе революцияга жол берет. Ошондуктан оппозициянын болушуна бийлик өзү кызыкдар болушу керек”, - деди ал.

АЙБЕК МЫРЗА: "Оппозициянын жоктугу авторитаризмге алып келиши мүмкүн"

Жарандык активист Айбек Мырза Жогорку Кеңеште оппозициянын аты бар, заты жок дейт.

“Оппозициянын жоктугу авторитаризмге алып келиши мүмкүн. Анда өзүм билемдик, бийликтин үстөмдүгү, коррупция пайда болушу ыктымал. Жакында өтчү курултайда дагы бийликке конструктивдүү сунуштарды беребиз. Андан кийинки кадам бийликтин мамилесине жараша болот. Ал эми Жогорку Кеңештеги оппозициянын аты бар, заты жок. Өкмөттү шайлаганда деле оппозициянын күчүн көрсөтө албай жатышат да”, - деди ал.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан