Башкы прокуратура тарабынан Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун мурдагы судьясы, учурдагы Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Кубанычбек Касымбековго кылмыш иши козголду. Мындай маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
Касымбеков менен катар башка дагы кызмат адамдарына 304 (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 328-берене (атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм, чечим же башка сот токтомун чыгаруу) боюнча кылмыш иши козголгон.
"Жалал-Абад облустук прокуратурасы 2015-жылы Чек айыл өкмөтүнүн башчысына "ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу", "кызматтык жасалмалуулук" беренелери менен жана Атабек айыл өкмөтүнүн депутатына да "ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу" беренелери менен кылмыш ишин козгогон. Кийинчерээк айылдык депутатка карата ачылган кылмыш иши токтотулган", - деп билдирди прокуратура.
Маалыматта белгилүү болгондой, иликтөөнүн жыйынтыгында Атабек айылдык кеңешинин депутатына карата ачылган кылмыш иши токтотулганына карабай, сот Кубанычбек Касымбеков аны сот жообуна тартуу чечимин чыгарган. Мындан соң облустук сот анын чечимин жокко чыгарып, сот ишин токтоткон. Ал эми судья Кубанычбек Касымбековдун үстүнөн кылмыш иши козголуп, чогултулган материалдар УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
Эске сала кетсек, Кубанычбек Касымбеков Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда судья болуп турганда экс-депутат Аида Салянованын соттук ишин карап, аны 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Кийинчерээк бул чечимди шаардык сот да күчүндө калтырган.
Кубанычбек Касымбеков Сузак райондук сотунда судья катары 2015-жылга чейин иштеп, ошол жылдын 12- июнунда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин указы менен Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна сот болуп келген.