Кара-Сууда кумшекер төгүп алып жаңжалдашкандан кийин каналдан өлүгү табылган келиндин күйөөсү жана кайненеси суракка алынууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.
Белгилүү болгондой, жансыз денеси каналдан табылган 21 жаштагы келин менен күйөөсү бир тууган ага-ининин балдары болгон. Ал экөө акыркы 5 жылдан бери бирге түтүн булатып, эки балалуу болушкан.
"Келиндин жансыз денеси 3-ноябрь күнү саат 16:00 чамасында каналдан табылган. Маркумдун денесине алгачкы кароо жүргүзгөндө кыйноо белгилери жана адам тарабынан келтирилген зыяндын белгилери табылган эмес. Маркумдун коңшулары келин үйүнөн кеткен күнү үйүндөгүлөр менен урушуп, кийин 20 сом карызга сурап кеткенин билдиришкен. Ал эми кайненеси ал эч нерсе айтпастан 2 баласын үйгө калтырып чыгып кетип, кайтып келбей калганын билдирген. Учурда келиндин өлүмү боюнча анын кайненеси жана күйөөсү суракка алынууда. Эгер алардын келинди өзүн-өзү өлтүргөнгө жеткиргени далилденсе, кылмыш иши козголот", - дейт Ашырбаев.
Маалыматка ылайык, келиндин жансыз денеси 3-ноябрь күнү Өзбекстандын аймагындагы Шаркан-Сай каналынан табылган. Келин 2-ноябрь күнү күндүзгү саат 11:00дөр чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын милицияга өз атасы билдирген.