Жети-Өгүздө аёосуз сабалып, жансыз денеси арыктан табылган адамдын өлүмүнө шектүүнүн аты-жөнү такталды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда киши колдуу каза болгон жарандын өлүмү боюнча шектүүнүн аты-жөнү такталып, кармоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милиция кызматынан билдиришти.

"Киши колдуу каза болгон жарандын өлүмү боюнча Бишкек шаарынын тургуну, мурда соттолгон жаран шектүү катары каралууда. Себеби каза болгон жаранды окуя болгон күнү көргөн-билген тааныштарын жана күбөлөрдү суракка алганда алар акыркы жолу ошол адам менен кеткенин айтышууда. Анын аты-жөнү такталып, жашаган даректеринен бери алынган. Учурда биздин кызматкерлер тарабынан кармоо иш-чаралары көрүлүүдө. Шектүү кармалгандан кийин гана окуя эмне себептен болгонун жана окуяга тийиштиги бар башка да адамдардын бар же жок экендиги аныкталат. Ошондой эле маркумдун жоголуп жаткан унаасы жакында эле Тамга айылынан табылган", - деди басма сөз кызматкери.

Эске салсак, 27-октябрь күнү эртең мененки саат 8:00 чамасында Жети-Өгүз РИИБине Жон-Булак айылында белгисиз жарандын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган тергөө тобу жансыз денени арыктан табышкан. Анын таяк менен катуу сабалып каза болгондугу аныкталган. Маркумдун жарандык никедеги жубайы каза болгон адамдын унаасы да табылбай жатканын айткан. Ал үйүнөн машинасын айдап чыккан боюнча кайтып келбегенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kaary
2018-11-14 15:52:36
Я Алла өзүң бизди туура жолго сала көр! Бизди коммунизм, атеизм канчалык айбанга айландырып кеткен экен, ошол замандын артта калганына Аллага чексиз щүгүр!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан