Нарын шаарынын сотунун судьясына козголгон кылмыш иши сотко жиберилди

Башкы прокурортура Нарын шаардык сотунун судьясы А.Ж. аттуу жаранга карата козголгон кылмыш иши сотко жиберилди. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Нарын шаардык сотунун судьясына карата Кылмыш-жаза кодексинин 305 (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) жана 328-беренеси (атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм, чечим же башка сот токтомун чыгаруу) боюнча айыпталууда.

Маалыматка караганда, судья соттук отурумдун катышуучуларына судьяны сыйлабаган мамилеси үчүн айып салган.

"2017-жылдын 14-сентябрында жол кыймылынын эрежесин бузуу жана транспорт каражаттарын эксплуатация кылуу боюнча ишти кароо учурунда жабырлануучу тараптын өкүлдөрү судьянын сөзүн бөлүп, анын эскерткенине карабай отурумдан чыгып кетишкен. Судья аларга айып тагып, ар бирин 10 миң сом төлөөгө милдеттендирген. Бирок анын кылмыш иши ачылбай туруп, чечим чыгарышы мыйзам бузууга жаткан. Кийин Нарын шаарынын прокурору бул чечимдин үстүнөн арызданып, айып жокко чыгарылган", - деп айтылат маалыматта.

Судьянын ишин кароо Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жиберилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zhanybekov030303
2018-11-14 16:54:57
Биринчи май райондук сотуна бербей эле койсонор болмок ал жак саясатташкан сот имараты!!
+1
bekmirzach
2018-11-14 18:53:21
Учурда мурдагыдай жогору жактан көрсөтмө берүү жок, президент С.Жээнбеков сотторго эркиндикти берди. Болгону соттор өз алдынчалыкка ээ боло албай жатат. Азыр соттор өз алдынча чечим чыгаруу кадамын жасай албай, мурунку калыптанган абалдан чыга албай жатышат
0
Erik2018
2018-11-14 18:51:13
Азыр соттор мурункудай болбой калган. Атамбаев убагында соттор саясатташып кетишкен эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан