Шаар ичинде маршруттук таксилери авариялык абалда жүргүнчүлөрдү ташып жүргөн айдоочулар иштен четтетилет. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда SUPER.KG порталына шаардык мэриянын "185" атайын кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, шаар тургундары тарабынан коомдук унаанын ичиндеги жагымсыз жагдайлары боюнча түшкөн бардык арыздар каралат.
"Коомдук транспорт, маршруттук таксилердин абалы боюнча түшкөн арыздардын баары "185" атайын кызматы аркылуу Бишкек шаардык транспорт башкармалыгына берилет. Ал үчүн арыз менен кайрылып жаткан адам ал маршруттук таксинин мамлекеттик номурун билиши керек жана кайсы каттам экенин айтышы керек. Ошол маалымат менен транспорт башкармалыгы рейстик каттамдын бригадирине билдирүү берет. Ал билдирүүнүн негизинде маршруттук таксинин салонунун абалы начар айдоочулар убактылуу ишинен четтетилет. Качан гана коомдук транспорттун абалын оңдогон учурда кайрадан транспорт башкармалыгы тарабынан текшерүүгө алынып, андан кийин гана кайра ошол каттамга киргизилет", - деп билдиришти атайын кызматтан.
Эске салсак, буга чейин SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө шаар тургуну кайрылган. Анда ал Бишкектеги №111-маршруттук каттамдагы таксинин абалына нааразычылыгын билдирген. Анын айтымында, Аска-Таш-Аламүдүн-1 каттамы менен жүргөн маршруттук таксинин үстүнөн суу тамчылап, 1-катардагы 2 орундук толугу менен суу болуп, 2-катарында да суу тамчылап жатканын билдирген.