Көзү азиз акын Темирлан Ормуков боюнча 3 судьяга козголгон кылмыш иши УКМКда тергелип жатат

Көзү азиз акын Темирлан Ормуков боюнча Жогорку Соттун 3 судьясына козголгон кылмыш иши Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде тергелип жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмыш ишинин тергөө мөөнөтү аяктай элек. Ал эми Жогорку Соттун маалымат кызматы бул кылмыш иши боюнча аталган мекемеге расмий документ келбегенин билдирди. Буга байланыштуу судьялардын аты-жөнү белгисиз бойдон калууда.

2-июлда Башкы прокуратура көзү азиз акын Темирлан Ормуковдун мыйзамсыз камалышы боюнча Жогорку Соттун 3 судьясына, Жогорку Соттун аппаратынын жана Бишкектин №1-СИЗОсунун жооптуу кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан