Сооронбай Жээнбеков өлкөдө ислам академиясын ачыш керек дейт

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков келечекте өлкөдө ислам академиясын ачыш керектигин айтты. Мындай пикирин ал бүгүн, 15-ноябрда "Ислам азыркы светтик мамлекетте" аттуу II эл аралык жыйынында билдирди.

Президенттин айтымында, бул академия мамлекеттин көзөмөлүндө болот.

"Бүгүнкү конференцияга дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн келген мамлекеттик органдардын, диний жана бейөкмөт уюмдардын жетекчилери, белгилүү эксперттер жана окумуштуулар катышууда. Дин темасы бардык өлкөлөрдө, бардык мезгилде актуалдуу бойдон кала берерин далилдеп отуруунун кажети жок. Бүгүн каралып жаткан маселелер биздин мамлекет жана коомчулук үчүн да өтө орчундуу. Анткени Кыргыз өлкөсүндө мамлекет менен диндин ортосундагы карым-катнашты ырааттуу жолго коюу үчүн бүгүнкү конференциянын пайдасы тийчү маселелер дагы эле аз эмес.

Совет мезгилинде толук тыюу салынып, көз карандысыздык учурунда эркиндик берилген диний чөйрөдө чечилбей калган өтө маанилүү маселелер бар. Мисалы, ички диний ишенимге эч кимдин киришүүгө акысы жок, ал эми диний ишмердик менен мамлекеттин карым-катнашы кандай болушу керек? Бул суроого жооп издеп, дүйнөлүк тажрыйбага кайрылсак, ар кайсы мамлекеттердин ар башка саясатын көрдүк. Кээ бир өлкөлөр "мамлекет дин иштерине кийлигишпейт“ деген позицияны карманышат. Айрым мамлекеттер кандайдыр бир динге "расмий" же "мамлекеттик" деген статус беришкен. 25тен ашуун өлкөдө ислам дини мамлекеттик статуска ээ. "Салттуу диндер" деген түшүнүктү өз Конституцияларында белгилеген мамлекеттер аз эмес. Мамлекет тарабынан айрым диндер өзгөчө колдоого ээ болгон. Тескерисинче, кандайдыр бир диндин үстөмдүгүнө тыюу салган мамлекеттер да бар.

Жалпылап айтканда, ар бир мамлекет өзүнүн тарыхына, маданиятына таянып, келечек жолун эске алып, мамлекет тарабынан диний чөйрөнү тескөө саясатын аныктайт. Биз дагы жалпы коомчулуктун талкуусу менен жактырылган өнүгүү стратегиясын ишке ашырууга ылайыктуу болгон диний саясатты ишке ашыруубуз зарыл. Жогорудагы мисалдар далилдеп тургандай, мамлекеттин диний саясаты үчүн сырттан алчу даяр үлгү жок, ал бүгүнкүдөй кадыр-барктуу конференциялардагы талкуулардын негизинде жаралат. Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болгондон кийинки мезгилде кандай өзгөрүүлөр болду? Өлкөбүздө диний чөйрөгө толук эркиндик берилип, көп конфессиялуу мейкиндик калыптанды. Конфессиялар жана диний уюмдар эркин өнүгүү багытына түштү. Мамлекет конфессионалдык мамилелерге киришкен жок. Кыргыз Республикасы көп улуттуу жана көп диндүү өлкө катары калыптанды", - деди Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан