"ЕАЭБге шашып кирип Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын колдобой, эртеңки президенттик шайлоону ойлоптурбуз" деп бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов билдирди.
"Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында автоунаалар боюнча бажы төлөмдөрдү калыбына келтирүү боюнча маселе каралган. Мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин аты аталып, ал социалдык түйүндөгү баракчасына жооп жазыптыр. Темир Сариев ЕАЭБге киргенибиз тарыхый туура чечим болгон деп айтыптыр. Бул боюнча тарых тастыктап, эл баасын берет. Аталган биримдикке киргенибиз тууралуу тарыхый баа берүү эртелик кылат. Сариев Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан 500 миллион акча алып келдик деп айтыптыр. Ооба, бул туура. Бирок ошол акча бүгүнкү күнгө чейин өздөштүрүлө элек. Бул келишимдерге кол коюлуп жатканда каражат элге берилиши боюнча туура каралган эмес. Байларга берилген. Күрөө коюу банктын системинен дагы оор. Темир Сариев кайсы ийгиликтерди айтып жатканын түшүнгөн жокмун.
2011-жылы 110 миң, 2013-жылы 91 миң автоунаа өлкөгө келген. 2015-жылы 2 миң автоунаа келген. Ошондо 10 миң автоунаа ташыган адамдар жумушсуз калып жатат. Ошол кездеги өкмөт 10 миң адамды жумушсуз калтырып жатат.
Темир Сариев эски автоунааларга чектөө коюу максат болгонун айтты. Эски автоунаалар кирип эле жатпайбы. ЕАЭБге шашып киргенибиз, бардык талаптарына макул болгонубуз Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын колдобой эртеңки президенттик шайлоону ойлоптурбуз. Кеткен кемчиликтерди аныктоо боюнча Башкы прокуратура жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы иш алып баруусун сунуштайм", - дейт Сулайманов.