"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Таабалды Тиллаев 50 миллиард сом пенсия берүүгө кетип жатканын айтты. Бул тууралуу ал кечээ, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Кыргыз мамлекети пенсионерлердин өлкөсүнө айланды. Укук коргоо органдары жана башка органдардын көпчүлүгү 30-35 жашында пенсияга чыгып, иштеп пенсия, айлык дагы алып жатат. Канча киши пенсияга чыгып, мамлекеттик кызматта иштеп жатат?" - деп сурады эл өкүлү.
Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев билдиргендей, жалпы 648 миң пенсионер бар. "Ошонун ичинен бүгүнкү күндө 40 миңден ашык пенсионер иштейт. Анын 90 пайызы мамлекеттик мекемелерде эмгектенет", - дейт Исраилов.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, мыйзам боюнча 65 жашка чейин мамлекеттик кызматта иштесе болот деп жазылган. "Бул нерсе жетекчилерден көз каранды. Кээ бир жетекчилер "пенсияга чыгыптырсыз" деп узатып коюп жатышат. Айрым мамлекетте иштеген пенсионер пенсиянын базалык бөлүгүн албайт", - дейт өкмөт башчы.
Депутат бул маселени карап көрүү керектигине токтолду. "Ал кишилердин тажрыйбасы сөзсүз керек. Бирок мамлекеттик кызматта айлык алгандан кийин пенсия алууну токтотуп туруш керек. Айлык же пенсия алсын. Бул маселени тез арада чечели", - деди Тиллаев.