Алмазбек Атамбаев: "Сооронбай Жээнбековдун рейтинги шайлоо өтчү жылы 3 пайыз болчу" (стеннограмма)

Экс-президент, КСДП партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев 19-ноябрда өлкөдөгү саясий кырдаал боюнча "Апрель" телеканалынын суроолоруна жооп берип жатат.

- Саясатта азыр эмне болуп жатканын баары көрүп жатышат. Алгачкы суроо ушул убакка чейин эмнеге үн каткан жоксуз?

- Партиянын акыркы съездинде президент Сооронбай Жээнбековго кеңеш катары 3 нерсе айткам. Президент катары иштесин дедим. Менин кеңештерим кабыл алынбаганын көрдүм. Съездден кийин жалган жалаа жабуу башталганын көрдүм. Азыр элге чындыкты айтууга мезгил келди деп ойлойм.

- Жакында эле сиздин декларацияңыз чыкты. Анда 2017-жылда 100 миллион сом киреше таапсыз? Президент болуп турганда акчаларды жыйнап алган деген кептерди айткандар да бар. Бул боюнча эмне айта аласыз?

- Былтыркы жылы 111 миллион сом таптым. Бир ишканамды саттым. Байлык тууралуу тарыхымды айта турган болсом, жыл ичинде кирешелерим тууралуу документтерди көрсөткүм келет. 1989-жылы Кыргыз мамлекетинде мен биринчи жеке ишкананы ачкам. 2005-жылга чейин мамлекеттик кызматта иштеген жокмун. Ошол жылдары байлык топтодум. Жеке ишкерлик кылган мезгилде байлыгымды тапкам. Андан тапкан акчага завод сатып алгам. Түркияда да ишканаларым болгон. Измирде жайгашкан ишканада 90 пайыздык үлүшүм болгон. 3 жыл кожоюндук кылгам. Калган үлүштүк пайызга ээлик кылган тең кожоюн менен дивиденддерди бөлүшүп турчубуз. 2002-жылы 6 жолу аталган ишканадан дивиденд алгам, жалпы суммасы 27 миллион долларга жакын каражат алгам. 2003-жылы ал ишкана сатылган. Бул менин байлыгымдын булагы.

- 1990-жылдардын башында Жазуучулар союзунан 50 миллион рубль каражатты ыйгарып алып, ошондон кийин бизнес баштаган деген кептер айтылып жатат? Ушул тууралуу айта кетсеңиз.

- 1989-жылдан бери Жазуучулар союзунда мүчөмүн. Ошол жылдардан бери жазуучулар менин атымдан стипендия алып келишет. Ал союзда менде документтерге кол коюу укугу болгон эмес. Жазуучулар союзуна 60 миллион рубль кредит берилген. Анын 15 миллион рублун турак жай курууга, 45 миллион рублу басмакана курууга пайдаланылмак. Жыйынтыгында ошол учурдагы төрага Жакшылыков менен дагы бир жазуучунун чечими менен "Айла" басмаканасына которулган. Бул айтылгандар менин оппоненттеримдин мага карата жапкан жалган жалаасы. Мен дайыма чындык үчүн деп жашап, иштеп келгем. Жазуучулар союзунун мүчөлөрүнүн каражат эмне болгону боюнча маалыматы бар эле.

- Кой-Ташта жайгашкан хан сарай кантип курулуп калды?
- Албек Ибраимов келип, ден соолукту чыңдоочу комплекс куруп жатам деди. Анан каражат жетпей калып, ошол комплекс жайгашкан жер тилкени сатып алуумду айтып калды. 2,7 гектардан турган жерде ата тегиңиз жашаган жер деп айтты. Мен барганда кышы эле бар 2 кабаттуу үй турган. Жер жагып калды. Кол алыштык, сен сумманы айт, кимден алдың дедим. Жеке адамдан алгам деген. Кийин чуу чыкканда кечирим сурады. Сатып алып, ошол комплекстин курулушун аягына чыгардым. Мен тапкан акчама бир нече үй салып алмакмын. Үрөй учурганы - мен Түркия, Англия, АКШдан үй алып, бирок ата-бабаларым жашаган жерде үй курбашым керек экен. Биз адилеттүү жашай албайбызбы? Экс-президент эч жакка качпайт, үй курат, ал неберелерине калат. Кой-Ташта үй алгандан бери андагы жер тилкелер кымбаттады. Босфор жээгинде, Измирде, Дубайда үй алууга акчам жетет. Бирок мени акчасын жашыргандарга салыштырууга болбойт.
Граниттик таштарга келсек, ал үй менен катар Апрель шейиттерине багышталган мечит курулган. Ошондой эле түстөгү гранит сатып алгам. Уурдаганга көнгөндөр, өмүр бою чиновник болуп, мультимиллионер бойдон калгандар ушинтип айтып жатышат. Мен эч нерсени жашырбайм. Менден башкалар үлгү алышы керек. Мен миллиард сом таап жатканда бүгүнкү мультимиллионерлер мектепке же жогорку окуу жайга барып жатышкан болчу. Азыр алар тойканаларды куруп жатышат. Көрө албастык жаман нерсе.

- Икрамжан Илмияновдун камалышы тууралуу эмне айта аласыз?

- Икрамжан Илмиянов менин байлыгымды, менин бай экенимди билчү. Акча керек болгондо менден алса боло турганын да билчү. Аны президенттик шайлоодогу көмүскөдөгү иштерди билгени үчүн камакка алышты деп ойлойм. Бул жердеги биринчи максат - анын оозун жабуу болду. Мен ага сен аларга ишенбе деп айтчумун. Сени эки жакка жөнөтүп жатышы мүмкүн, бирок бул жакшы нерсе болбойт дечүмүн. Ал коррупцияга тиешеси болсо, билбейм, мен андай нерсени жаап-жашырбайм. Бирок ал жогорудагы себеп менен камалды.

Икрамжан Илмияновдон башка бардык айдоочуларым ордунда иштеп эле жатышат. Ал башкача болчу. Менин тушумда карьера жасаган жан сакчыларым тууралуу айтсам, Болот Сүйүмбаев УКМКнын төрагасынын орун басарлыгына чейин жетти, Улан Исраилов ички иштер министри болду. Сүйүмбаев кызматка келгенде мага өлкөдөгү кырдаал тууралуу маалымат жакшы жетип жатты. Мен Болот Сүйүмбаевге да "акча керек болсо мага кел" деп айтар элем. Азыр алар тууралуу жалган маалыматтарды таратып жатышат. Ал эми туугандары, кудалары менен иштешкен - бул чоң көйгөй. Муну салыштырууга болбойт. Илмиянов, Исраилов, Сүйүмбаев жаман иш кылышса, мен алардын таламын талашпайм. Бирок Илмиянов шайлоо тууралуу көп нерсе билгени үчүн камалды. Мен кызматтан кеткенден кийин көп нерсе көзүмө көрүнө баштады.

- Бишкек ЖЭБин модернизациялоо жана авариядан кийин сиздин дарегиңизге да сындар айтылды.

- Авариянын өзү Бишкек ЖЭБинин эски жагында оңдоо иштерин жакшы жүргүзбөгөндөн болду. Эски жагын оңдоого жалпы 880 миллион сом бөлүнүп, бирок ал жакта айнек коюшпаптыр. Чыныгы себеби адамдар милдетине туура мамиле кылбагандыгы болду. Оңдоо иштери Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп, ЖЭБдин, энергетика тармагында жооптуу адамдар турган кезде болгон. Бирок мунун баарына Сапар Исаковду күнөөлүү кылып коюшту. Реконструкцияга келсек, баасын 2 эсе жогорулатып коюшкан дешти. Жакын жайгашкан коңшу өлкөлөрдө курулган ЖЭБдин бааларына салыштырсак деле бизде курулган ЖЭБ эки эсе арзанга жаңыланган. ЖЭБдин реконструкциясы, тескерисинче, Бишкекти катастрофадан куткарып калды. Болбосо шаар тоңуп калмак. Камоолордун себеби таптакыр башкада. Кара пиарды жакшы пайдаланып кетишти. 600 долларга сатып алынган 2 комплект кычкач миңдеген адамдардын эмгегин чийип салды. Учакта учуп келе жатканда Казакстан жарык болуп, Кыргыз тарап караңгы болуп турар эле. Азыр жарык өчүрүлбөйт. Эл ушуну унутуп калды.

- Сооронбай Жээнбеков февраль айында коррупцияга каршы чыныгы күрөш башталарын айткан. Азыр УКМКнын СИЗОсунда эки өкмөт башчы, бир нече министрлер, бир депутат отурат. Сиз да президенттикке киришкенде коррупцияга каршы күрөш тууралуу айткан элеңиз. Анда күрөш жүрдү беле же эми башталдыбы?

- Факты боюнча алганда былтыр кыйкырыгы жок эле Атамбаевдин тушунда коррупцияга каршы күрөш жүрүп 8,5 миллиард сом бюджетке кайтарылды. Учурда түшкөн каражат эки эсеге азайды, бейкүнөө Кубанычбек Кулматов, Сапар Исаков камалып отурат. Эл көзүнө көрүнүү үчүн күрөш жүрүп жатат. Бажы кызматында уурулар иштеп жатат. Мындан кыргыз бюджети жоготууларга учуроодо. Мен президент болгондогу алгачкы 3 жылда Кубанычбек Кулматов төлөмдөрдү үч эсеге көп чогултту. Сапар Исаков Жээнбековдун суранганына карабай Раимбек Матраимовду жумуштан алгандыгы үчүн камалды. Сооронбай Жээнбеков өч алып жатат. Сапар Исаков 23-ноябрда мага телефон чалып "Жээнбеков Раимбек Матраимовду кызматтан албашымды суранып жатат" деп айткан. Ал укпаганы үчүн өч алды. Бул коррупция менен күрөш эмес. Азыр коррупционерлерди тойлордо көрүп жатабыз. Кулматовду мектеп үчүн эмес, Орусиянын паспорту үчүн дагы эмес, Раимдин адамдарын тазалап баштаганы үчүн камап коюшту.

- Өлкөгө алып келинген гранттык каражат тууралуу:

- Бишкектеги жолдор ушул жылдагы жана кийинки жылдагы президент Атамбаевдин тушунда бөлүнгөн грант менен курулат. Жаңы президент Нарынга барып спорттук комплексти ачып келди. Ал дагы Атамбаевдин "Газпром" компаниясы менен жетишилген. Жээнбеков Араванга барып цемент заводун ачып келди. Ал завод Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду тарабынан берилген каражат менен курулган. Ал фондго жарым миллиард доллар Владимир Путин менен болгон сүйлөшүүмдөн кийин бөлүнгөн. Си Цзиньпин менен ушундай эле фонд түзүүнү сүйлөшүп жатканбыз. Ал макул болуп калган эле.

1,5 миллиард долларды энергетикага, жолдорго деп алганбыз. Биз чийки зат жок туруп Акаевдин бийлигине окшоп кагаз заводун ачабыз деп алган эмеспиз. Карыздар тууралуу айтып жатканда мен 550 миллион доллар карыздын кечирилгенине жетишкенимди да унутпаш керек. Гранттык каражаттар өлкөнү сактап калууга жардам берди. 2010-жылы кандай өлкөдө жашаганыбыз эч кимдин эсинде жок. Өлкө жок болуп кетүү коркунучунда эле. Коңшу өлкөлөр бөлүп ала тургандай варианттар деле каралган да. Маркум Ислам Каримов сунуштаган. Ушундай учурда достор Орусия, Кытай, Түркия, Евробиримдик чоң колдоо көрсөттү. Гранттарды алганда кайырчы деп шылдыңдашкан. Кытай 400 миллион доллар каражат жардам бергенин унутпашыбыз керек.

- Мамлекеттик тарых музейин оңдоп-түзөө иштериндеги чуу чыкканда да сиздин атыңыз аталды. Долбоордон көп нерсе күтүлүп жаткан. Жыйынтыгы коррупциялык жаңжалдарга аралашып кетти.

- Өкмөттүн вице-премьери музейди укмуш болду деп айтты. Реконструкциясы гранттык каражатка жүргүзүлгөн. Бюджеттен каражат кеткен эмес. Биринчи бөлүгү Түркия тараптан, экинчи бөлүгү Владимир Путин тарабынан каржыланган. Мен ошол акчаны тартып келип, музей оңдоо иштеринен өттү. 2011-2012-жылы музейге кирген өлкө лидерлери "бул эмне болгон музей, Ленин турат, шыбына эмне болгон" деп таң калып сурашчу. Каражатты ким жесе, ошолорду кармашсын. Ошол эле мемориал, ошол эле ипподром. Ал акыркы Европа стандарты менен курулган. Сооронбай Жээнбековго окшоп эч нерсе кылбай, бирөөнү каралап отурушум керек беле? Ким уурдаса, ошолор жооп берсин. Менин милдетим - акча табуу эле. Бюджетте акча жок болчу. Иштер көп да. Ошол эле онкология, Опера жана балет театрындагы оңдоолор гранттык каражатка жүргөн. Эми эмне кылышат? Бюджеттен акча алышат. Адамдар сыймыктануу менен ошол эле музейге барышмак. Ким уурдап жатканын баары билет. Бажы кызматында ким экенин баары билет. Бийликтин милдети коррупцияга каршы күрөшүү эмес, Атамбаевге каршы күрөшүү болуп жатат.

- "Белизгейт" чуусу боюнча Абдил Сегизбаев документтерди фальсификациялоо менен алектенген деген маалыматтар айтылат. Сизди буюртма берген деген кептер тараган. Бул тууралуу эмне айтат элеңиз?

- Жакында мени анча жактырбаган Аида Салянова деле маек берип жатканда Атамбаев буйрук берчү эмес деп айтыптыр. Мен эч качан эч кимге буйрук берген эмесмин. 10 жолу текшергиле деп айтып келчүмүн. Дароо камабагыла, жеңил жаза бергиле деп келгем. Абдил Сегизбаев документтерди жасады деп ойлобойм. Балким, бирөө анын колуна салып бергендир. Тергөөнү күтүп туралы. Президент болуп турганда эле документтер жасалма болсо, Сегизбаев жооп берерин айткам.

- Жеңил жаза берүү тууралуу айтып жатасыз...

- Мен түрмөгө отургузушпай эле койсо дечүмүн. Анткени бул нерсе өз башымдан өткөн.

- Ошентсе да сиздин мурунку саясий оппоненттериңиз абакта отурушат. Алар саясий куугунтук болгонуна сизди айыпташат...

- 2010-жылды алсак, Бишкектеги митинг, Оштогу митинг. 2011-жыл тынчыраак өтүп, 2012-жылы "Ата Журт" партиясынын өкүлдөрү митинг өткөрүп, тосмодон өтүп башташат. 2013-жылы митингчилер унааларды өрттөп, Эмилбек Каптагаевди барымтага алышкан. Каптагаев Садыр Жапаровду жазага тарт деп бир нече жолу келген. Азыр башкача ыр ырдап жүрөт. Бийликке келем десең, шайлоого катыш. Мен аларды тосмодон ашып өт деп түрткөн эмесмин да.

- Бирок Өмүрбек Текебаев тосмодон ашкан эмес да...

- Текебаев боюнча бул ишти кылбашым керек болчу. Мыйзам жагынан алганда Текебаев күнөөлүү болчу. Анын тарапташтары деле миллиондор тууралуу айтышкан. Мыйзам боюнча иш кылгыла дечүмүн. Мен ушинтип тарбияланып калгам. Текебаевге карата ал камалганга чейин, камалгандан кийин деле ушундай мамиле болгон. Президент катары мен күнөөлүүмүн. Бирок адамдар жасаганы үчүн жооп бериши керек.

- Боинг кырсыгында түрдүү кептер айтылып жатты. Учактагы жүк сизге таандык деген кептер айтылып, сизди аткезчиликке айыптагандар да болду...

- Ошол учурда баары жүк Атамбаевдики деп элге жайылтып ташташты. 30 жыл бою мага карата ушак колдонулуп келген. Менин грамм жүгүм болсо, эмдигиче таап чыгышмак. Учак түркиялык болчу, ал кезде Түркиянын президенти менен мамилем кандай болгонун баары билет. Түркия - НАТОнун мүчөсү. Эгерде ошол кезде жүктүн граммы же тамчысы эле мага тиешелүү болгондо, мага каршы бир эле нерсе болсо, алар аны таап чыгышмак. Ал жерде мага же менин үй-бүлөмө тиешелүү эч нерсе жок болчу. Бирок жалаа жапкандар ушул күнгө чейин ушак таратып жатышат. Ушул күнгө чейин адамдар дагы ишенип келишет. Бул коркунучтуу... Бул жалганчылар... Алар Кыргыз өлкөсүндө Кудайдан коркпой калышты. Мен Мухаммед пайгамбардын "ушактоо - өзүнүн агасынын этин жегенге барабар" деген сөзүнө толук кошулам.

- Ошол учактагы жүк ММК менен болгон мамилеге таасирин тийгизди. Журналисттерди сотко бердиңиз. Эмне үчүн?

- Бүгүн журналисттерди эмес, ушакты оюнан чыгарган жана аны маалымат жыйын аркылуу жайылткандарды сотко беришим керек беле деп ойлонуп калам. Мен го ар кандай жаман сөздөргө көнүп калгам. Аялымдын бриллианттары тууралуу да айтышты. Жубайым жарым жыл бою тамчылатма менен гана уктап калды. Эмоцияга алдырып койдум. Президент катары журналисттерге жасаган мамилем туура эмес болду окшойт. Карап көрсөм азыр муну (ред. сотко берүүнү) чындыкты жазгандардын оозун жабуу үчүн курал катары колдонуп башташыптыр. Ошол учурда ишенишкен үчүнбү ушакты "Азаттык" радиосу, "Заноза" сайты таратып жатышты. "Азаттык" боюнча го доо арызды кайтарып алгам, "Заноза" сайтына, Жакуповага карата туура эмес кылыптырмын. Мен эмоцияга алдырбашым керек болчу.

- Конституцияга өзгөртүү киргизүү оппоненттердин көбөйүшүнө алып келди. Бул кадамга барганыңызга өкүнөсүзбү?

- Реформа ойлогонумдай болбогону үчүн өкүнөм. Алгачкы пландын ишке ашпаганы мага каршы болгондорду бириктирип койду. 2016-жылы реформага каршы чыккан адам кийин мага парламенттик конституция кылалы деп келди. Ага мен башында ошондой кылууну пландаганымды айтсам "биз сизди премьер-министр болот экен" деп ойлогонбуз деген. Баары мени бийликте калуу максатында жасап жатат деп ойлошуптур. Эгер бийликте калгым келсе, президент экинчи мөөнөткө дагы калып иштей ала тургандай кылып мыйзамды өзгөртөт элем да. Текебаев келип "бир укук коргоочу Баш мыйзамга бир гана Кыргыз өлкөсүнүн жарандары ортосунда никеге турууга мүмкүн" деп жаздыртыптыр деген. Ал эми референдумга көп эл катышуусу үчүн жогорудагыны нике бир гана аял жана эркектин ортосунда гана болот деп оңдоткон... Мына ушул Өмүрбек Чиркешовичтин идеясы болчу. Ал эми парламенттик өлкө жөнүндө реалдуу сөз болгондо өкмөттүн бардык мүчөлөрү депутат боло аларын, ал эми бийликтин баары же жарымы же үчтөн бири өкмөт менен парламентте болорун угушканда төбө чачтары тик турган. Чындыгында алар мени баарын алдап, премьер-министр болуп калат деп ойлошкон. Менде андай каалоо болгон эмес! Эгер мен бийликте калууну кааласам, анда референдумга эле президент эки мөөнөткө шайлана алат деп өзгөртүү киргизмекмин. Мени ушул күнгө чейин адамдар башкаларды өздөрүндөй ойлогону нес абалга алып келет. Мына, Конституция менен ушундай абал болгон, мен аны аягына чыгарганыма өкүнөм.

- Чет мамлекеттер менен кызматташуу тууралуу...

- Мен Орусия, Өзбекстан менен мамилени жакшырттым. Түркияга келсек, Режеп Тайип Эрдоганды таарынтып алдым. Мен ага дайыма ыраазы болом. Карызды кечирди, грант бөлдү. Жеке өзүмө жардам берген учуру да болгон. Түрк жетекчилиги таарынып калганынын себеби - учакты түшүрүү боюнча билдирүүм жана "Себат" лицейлери боюнча болду. Эрдогандын дарегине эч качан жаман айтпайм. Өлкө да, мен да ага карыздарбыз. Назарбаевге келсек, коңшу өлкөнүн президенти президенттикке талапкерди кабыл алып, аны рекламалап жатат. Биздин эгемендүүлүгүбүз кайда калды? Биз көз карандысыз өлкөбүз. Кийинки парламенттик жана президенттик шайлоодо мындай ачык кийлигишүү болбойт.

- Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясындагы каражаттары делген маалымат тууралуу эмне айтат элеңиз?

- Бул маалыматтын эмне үчүн азыр жарыяланып кеткени түшүнүктүү. Икрамжан Илмияновду камашты. Бул бухгалтерия тууралуу штабдын бухгалтери да билчү. Ал эмгек өргүүсүнө чыгып, башка өлкөгө кетип калды, азыр өзүнүн өмүрү үчүн кооптонуп жатат. Бүгүнкү бийлик Бакиевдин жолу менен бара жатат. Бул реалдуу документ. Бул реалдуу адамдардын аты-жөнү бар, реалдуу сандар бар документ. Бул тууралуу билгендер өмүрү үчүн кооптонушууда.

Кулматовду эмне үчүн паспортко байланыштуу отургузуп коюшту? Бакиевдин учурунда Медет Садыркуловду өлтүрүшүп, алар муну менен “каалаган адамды өлтүрүп коё алабыз” дегенди көрсөтүшкөн. Ал эми булар күнөөсүз Кубанычбек Кулматовду, Сапар Исаковду камап коюшту. "Карагыла, каалаган адамды отургузуп коё алабыз, керек болсо, өлтүрөбүз!" деп жатышкандай. Адамдар өз өмүрүнө кооптонуп жатышат. Икрамжан Илмиянов кармалбаганда бул документтер ачыкка чыгып кетмек эмес. Бул үй-бүлө жүзүн көпкө чейин жашырмак деп ойлойм. Мени таң калтырганы - фонд боюнча чектөөлөрдү атайын алып салганбыз. Бул таза жана ачык-айкын акча болсо, анда эмне үчүн акчанын бардык көлөмүн көрсөтүшкөн эмес? Бул мени кайгыга салат.

- Жээнбеков биринчи маегинде сиз менен болгон конфликт тууралуу айтыптыр. Сиз съездде аны коррупция жана ЖЭБдеги авария боюнча айыптадыңыз беле?

- Мен Жээнбековго "сен коррупция менен күрөшүп жатсаң президент катары документтерге жакшы көңүл бурушуң керек" дегем. Коррупция менен күрөшүп жатсаң досторуңдун катарында Раимбек Матраимов болбошу керек. Бир тууганы Асылбек Жээнбековдун депутат болуп иштөөнү улантканы президентке жаман таасир тийгизерин айткам. Ошондой эле ЖЭБди оңдоо боюнча тендер Жээнбеков премьер-министр болуп турган маалда ошонун командасы менен болгонун айткам. Айыптоолор эмес, алдын ала эскертүү болгон.

- Съездден бир күн мурун 4 сааттай сүйлөшкөнүңүздөрдү маегинде айткан экен. Съездде сүйлөгөн сөзүңүз аны таң калтырыптыр. Бул боюнча өзүнө айткан эмес белеңиз?

- Шайлоо кампаниясынын чыныгы спонсорун билерим менен бир тууганың парламентте калбашы керек, "Раим миллион" менен дос болбошуң керек, ЖЭБдеги аварияны Сапар Исаковго оодарбоо керектигин курултайга чейин айткам.

- Жээнбеков шайлоо алдында "Көч уланат" деп Атамбаевдин ишин улантарын айтып келген. Бирок маегинде "Бийлер келип кетет, бирок көч ошол бойдон калат". Мен дал ошол көчтү улантам" деген. Башкача айтканда, ал мурунку президенттин көчүн улабай турганы тууралуу эмне айта аласыз?
- Менимче, ал шайлоо алдында адамдарды алдап жаткан. Азыр ал Бакиевдин жолу менен келе жатат. Мен ага 29-мартта сени карап Бакиевди көрүп жатам дегем.
- Жээнбеков "үчүнчү жактар аркылуу менин ишимди көзөмөлдөө аракети ага адам катары, экс-президент, партиялаш катары кадыр-барк алып келбейт" деген. Кандай аракеттер тууралуу сөз болуп жатат?
- Үчүнчү жактар тууралуу сөз болсо, бир туугандарын башкарып жатышкандыр.
- Жээнбековдун маегинде партиянын ишиндеги жасаган эмгеги бааланбаганы боюнча кайсы бир деңгээде таарынычы бар экенин байкоого болот. Өзүнүн айтымында, ал Июнь окуясында өмүрүн да, карьерасын да тобокелге салган. "КСДПнын Оштогу рейтинги нөл болуп турганда биз түйүндөрдү ачып партиянын аброю кыска убакытта жогорулады" дейт Жээнбеков. Бул тууралуу эмне айта аласыз?
- Жээнбековго чейин эле биздин партияда рейтинги жогору адамдар бар эле. Шайлоо болгон 2017-жылы анын рейтинги 3 пайыз болчу. Ал бизге кандай рейтинг кошо алмак? Ош окуясы учурунда Жээнбеков Мырзакматовдун алдындагы көлөкө эле. Жээнбековдун өмүрүн тобокелге салганы тууралуу бир да жолу айтышкан эмес. Келдибеков, Ташиев, Мырзакматов тууралуу айтышчу. Ал эми Жээнбеков тууралуу эч ким сүйлөчү эмес. Ушул жыл аралыгында коргоп сүйрөп жүргөнүмө түшүнбөй кетем.
- "Партиябыз үчүн оор күндөрдө, өзгөчө түштүктөгү окуялар болгондо анын жанында жүргөм. Баары качып кетишкенде да, кооптуу болсо да жанында жүргөм" деп айтыптыр. Ал чын эле жаныңызда болду беле?
- Биз 1995-жылдан бери достошуп келдик. Сооронбай Жээнбеков маек бергенде 2000-жылы вице-спикер болгонун айтыптыр. 2000-жылы президенттик шайлоого катышканымда Жээнбеков артка чегинип кеткен. Исхак Масалиевге кайрылганымда анын атасы Апсамат Масалиев менден "сенин партиялашың бар го, Сооронбай Жээнбеков, эмнеге ал колго албайт" деп сураганда уялгам. Дал ушундай көрүнүш 2005-жылы Акаевди бийликтен кетирүүгө барганда болду. Мен Жээнбеков жасаган көп нерсени кечирип келчүмүн. Путин "бир жолу чыккынчылык кылган адам кийин да чыккынчылык кылат" деген эле. Жээнбековду болобу, Мурмукуловду болобу кечирип келгем. Ошентсе деле Путин чын айткан экен.
- Сооронбай Жээнбеков сиз тууралуу "ал досум, партиялашым дегенди жакшы көрөт. Бирок достор, партиялаштар андай иштерге барбайт" деп билдирген. Бул боюнча эмне айтат элеңиз?
- Биз 24 жыл дос болдук. Сооронбай Жээнбековду депутат кезин, вице-спикер кезин, министр кезин эстейм. Анын суранычы менен инисин партиялык тизмеге коштум. Ал үч жолу депутат, эки жолу спикер болду. Жээнбековду президенттикке чейин алып келдим. Агасын эки жолу элчи кылып дайындадым. Бирөөнүн артына ондогон жылдар бою жашынып, анын коргогонун колдонуп жүргөндөр бар. Кайсы бир нерсеге жетишет. Бир күнү эми мага кереги жок деп жөлөнгөнүнө бычак саят. "Досум" деген сөз Жээнбеков айта турган сөз эмес.
- Саясатта каларыңыз белгилүү. Кандай пландарыңыз бар?
- Чоң саясатта президент, премьер же спикердин кызматын ээлөө үчүн калбайм. Бийлик Бакиевдин жолуна түшүп кетпөөсү үчүн калам. Өлкөдө кырдаал ушундай, дагы Бакиевдин жолуна түшүп кете тургандай болуп турат. Башка нерсе менен алек болууну пландагам. Бирок саясатта калууга аргасызмын.
Алмазбек Атамбаев. Түз эфирде берген маеги (19.11.2018)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (57)
xnurgul_gul
2018-11-20 02:28:46
Короче сен ХХХХХХХХ соз жок, ууру жарылгыча жеп олгунчо карганат
0
Baktikan
2018-11-20 05:56:53
Soke,emi chik eshike
+2
Abdizhapar
2018-11-20 06:37:10
Атамбаевдин создорундо кичине болсо да чындык бар
+3
Kgda
2018-11-20 06:51:49
Атамбаев бетке ачык айткан эч нерсени жашырбаган адам экен, эми жеб боюнча бир аз бурмалады бирок ушул интервьюсунда коп чындыкты айыптыр. Козу эми ачылыптыр мурда козун май басып калган эле.
+7
muslim87
2018-11-20 09:11:58
Эми жамандап аркасынан сүйлөп жатасың. Ошол Жээнбековду президент кылган сенсиң, бул сенин күнөөң. Эркекче сөзүңө туруп шайлоону акыйкат өткөрсөң бүгүнкү абалыңа түшпөйт элең. Жаман оюң Жээнбековду куурчак ойлодуңда экранга чыгарып коюп көмүскөдө башкарам деп. Эмнеси болсода Жээнбеков туура кылды сенден баш тартып.
-1
deva
2018-11-20 09:35:05
Жапаров менен Текебаевди жок жерден камаган. Өзгөчө Садыр Жапаровго боорум ооруйт, эл үчүн күйүп турчу дайыма.
+2
admin_superstan
2018-11-20 10:11:52
xnurgul_gul, Дарыгер, murat17, dastan.bujun,
Порталдын эрежелерине туура келбеген билдирүүлөр түзөтүлдү!
Эскертүү, эрежелерди сактагыла!
+1
nuraku
2018-11-20 10:25:50
Элибиз учун кимиси кандай иштерди жасады, кийин убакыт корсотот. 2012 жылдан бери Кудайга шугур уйубуз жарык, свет очпойт, газ бар, жолдорубуз мурдагыдан онолуп калды, больницалар ремонттолду, бир топ мамлекеттик мекемелер салынды. Аскер кызматкерлерине уйлор салынды. Азыркы президентибиз эл учун кандай иштерди жасайт аман болсок аны да коробуз
-1
Mars575
2018-11-20 10:42:23
Кебетен айтып турат, ичинен куйуп турасын, орттонуп турасын. Садыр Жапаров, Текебаевдин ар бир куну сени тынч уктатпайт.
+2
Nur777
2018-11-20 11:51:27
Ишенген досунун кадыры-баркы жок экенин билип ,алган добушу 3пайыз экенин билип туруп неге ушундай даражага которот дейм да,Сокенин Ошто губернатор болуп жургон кезин баардыгы билет,кабинетинде зериккенинен чымын олтуруп,уктап откозчу иш-убактысын деп,бир дагы олуттуу маселе чечип корбоптур ошол кезде,эч нерсеге жарабаган досунузду досум досум деп котормологон озунунуздо куноо Алмазбек Шаршенович!
+4
Nur777
2018-11-20 11:57:22
Эми дагы эч нерсе чечпейт,жогоруда айткандай эшектин тушоосун да чечпейт Соке,мактаган Текебаевинер да эч нерсе кылбайт,Мадумаров экоо какылдап какшагандан башка не иш жасашты элге,саясатта омур бою журуп эч нерсе жасабаган "саясатчылар" качан тугонуп жок болот,иштеген киши унчукпастан Мырзакматовго окшоп же Пашинян же Сингапурдун президенттериндей иштейт,солдурогон Соке эээч нерсе жасабайт,коросунор!)
+6
Erik2018
2018-11-20 15:08:50
Жээнбековдун рейтингин бар эле болчу. Атамбаев дагы балп эттирип жатат. Президент элдин колдоосу менен бийликке келип олтурат.Акчанын күчү менен Бабанов дагы өткөн жок.
-4
Aikyt
2018-11-20 17:08:08
Атамбаев Бабановту эле колдош керек болчу, Сокене алданып калды
+1
PROS
2018-11-20 17:43:43
Соке менен аша экөөнүн элдин алдында койгон спектакли да бул! Болбосо ашаны давно камап, текебаевге окшотуп, жеген акчаларын кустурмак. Булар калп эле эл көзүнө урушумуш болуп жатышат.
+1
Boha1
2018-11-20 22:09:33
Өзү да Текебаев досун саткан, каматып койду. Кайтаар дүйнө дейт. Соке да кайра өзүн сатып кетти.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан