Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин агасы Ыктыярбек Абжалиев "Мегакомдун" логистика бөлүмүнүн жетекчиси кызматынан кетти. Мындай маалыматты "Альфа Телеком" ишканасынан тастыкташты. Белгилүү болгондой, ал бүгүн өз каалоосу менен жумуштан кетүү тууралуу арыз жазган.
Буга чейин Ыктыярбек Абжалиев компанияга таржымалын (резюме) жөнөтүп, ишке орношкону айтылган. Иштегенине бир жума болгонун компаниядан билдиришти.
Ыктыярбек Абжалиев 1965-жылы 15-ноябрда Ош шаарында туулган. Өкмөттүн алдындагы Бажы кызматында иштеген. 2011-жылдары Баткенде бажы бөлүмүнүн башчысы болгон. Кесиби боюнча экономист.
Анын иниси Алиярбек Абжалиев президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы. Анын уулу Жээнбековдун кызына үйлөнгөн.