
Бишкек шаарынын Мурас-Ордо жаңы конушундагы транспорт маселеси чечилет. Бул тууралуу 21-ноябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин аталган конушка бир эле маршруттук каттам барарын, ал каттам жалгыз эле Мурас-Ордонун эмес, Салкын, Озёрный жаңы конуштарынын да элин ташый турганын
"ЭЛДИК КАБАРГА" байланышкан окурман
билдирген эле.
"Бүгүн вице-мэр Максим Ситников аталган конуштун жашоочулары менен жолугушту. Анда транспорттук ишканалардын жетекчилери катышты. Жолугушууда кичи автобустардын санын көбөйтүү, №18-автобустун маршрутун узартуу маселелери каралды. Тийиштүү мекемелерден сунуштамалар айтылганда конуштун жашоочулары менен дагы жолугушуу болот", - деп айтылат маалыматта.