"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Ош шаарындагы канализациянын саркынды суусун арыкка агызып койгон үйгө таза суу берүү токтотулду

Ош шаарынын Асранкулов жана Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги менчик үйдүн ээлери канализациядан аккан саркынды сууну ички арыкка агызып койгону тууралуу факт тастыкталды. Мындай маалыматты "Ош шаар суу канал" муниципалдык ишканасынан билдиришти.

Белгилей кетсек, "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына окурман 16-ноябрда кабар жөнөтүп, "Имарат менчикпи же мамлекеттик мекемелердин бирине тийиштүүбү, билбейм, бирок тургундарга ыңгайсыздык жаратууда. Көчөдөн өткөндө жагымсыз жыт уруп турат. Саркынды суу бактарды сугаруучу таза сууга кошулуп жатат. Муну тиешелүү мекемелер көзөмөлдөөсү керек", - деген.

"Ош шаар суу канал" муниципалдык ишканасынын адистери Асранкулов жана Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги мурдагы кафе, азыркы учурда турак үй болгон имаратка барышкан. Адистер таза жана саркынды суу түтүктөрүн эрежеге ылайык иштетүү тарабын текшеришти. Жыйынтыгында таза жана саркынды суу түтүктөрүн курулуш нормалары жана эрежелерине ылайык өткөрбөгөндүгү аныкталды. Белгилүү болгондой, имараттын саркынды суу чыгарчу түтүгү сынып калган. Үй ээси түтүктү курулуш нормаларына ылайык калыбына келтиргендин ордуна, көчөдөгү арыкка чыгарып койгон. Мындан улам үйдүн таза суу кирүүчү түтүгү борбордук-магистралдык суу түтүгүнөн кесилип, үйгө таза суу берүү токтотулду. Ошондой эле саркынды суу түтүгү да кыркылып, тосулду", - деп билдирди мекеменин адиси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Benazir08
2018-11-21 17:54:44
Фурхаттын А Шакиров кочосунон ылдыыый карап кете берсен катар уйлор баардык трубасын арыка чыгарып баш бактырып койгон оло сасыйт
+2
simone
2018-11-22 11:03:24
Фуркатта мындай кочо жок!
0
simone
2018-11-22 11:03:38
Аскар Шакиров кочосундо тем более
0
nursiyanur
2018-11-22 16:16:55
simone,мурунку Гагарин кочодобу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан