"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Ош-Тазалык" муниципалдык ишканасы: "Бактарды бутоодо арчаларга зыян келтирилген жок"

"ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына Ош шаарынын тургунунан жергиликтүү тазалык муниципалдык ишканасы бак-дарактардын ашыкча бутактарын бутап чыгышканы жана кулаган шактар жаш карагайларды басып калганы тууралуу билдирүү келген.

"Карагайдын көчөтү жылына 1 сантиметр араң өсөт. Ал абдан назик келерин элдин баары эле билет. Адистер муну жакшы билиши керек. Эптеп эле план аткарыш керек деп иш кылбай, араң өсүп жаткан карагайларга тийгизбей, этият болушу керек болчу. Мамлекеттик кызматтагылар качан ыгы менен иш кылганга көнүшөт?" - деп билдирген окурман.

Бул тууралуу "Ош-Тазалык" муниципалдык ишканасын маалымат кызматы SUPER.KG порталына жаңы отургузулган бак-дарактарга зыян келтирилбегенин билдирди.

"Ош шаарындагы бак-дарактардын ашыкча бутактары кесилди. Бутап жаткан учурда жаш бак-дарактарга эч кандай зыяны тийген жок. Кызматкерлерге жаңы отургузулган арчаларга зыян келтирилбеши үчүн жумушуна кылдат мамиле кылуу тууралуу эскертилген. Учурда кесилген шактарды жыйноо иштери аягына чыгып калды", - деп билдирди басма сөз катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан