Ош шаарындагы ХБК кичи районунда ичүүчү суунун киргил чыгып жатканы боюнча "Ошшаарсууканал" муниципалдык мекемеси түшүндүрмө берди.
Бүгүн, 27-ноябрда Ош шаарынын тургуну "ЭЛДИК КАБАРГА" крандан аккан ичүүчү суу кир чыгып жатканын айтып, маалымат жиберген.
"ХБК кичи районундагы крандан кир суу чыкканынын болжолдуу себептеринин бири катары ысык суунун жогорку басымда берилишин айтсак болот. Тактап айтканда, ысык суу берилүүчү түтүктө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн соң насостун жардамы менен жогорку басымда ысык суу берилет. Мунун натыйжасында ысык суу түтүгүндөгү калдыктар таза сууга аралашып ылай болуп чыгышы мүмкүн.
Ичүүчү сууну шаарга берүүдө "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенттин талаптарына ылайык берилерин маалымдайбыз. Ошондой эле суу түтүктөрүнүн эскилиги жеткендигине байланыштуу, таза суу түтүктөрүндө авариялык абалдар күн сайын 4-5 жерде кездешет. Аталган авариялар катталган учурда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, абалды калыбына келтирүү боюнча иш алып барылат", - деп билдиришти аталган мекемеден.
Ошондой эле ылай суу бүткүл шаар боюнча эмес, ХБК кичи районундагы бир эле үйдөн чыккандыгына байланыштуу өз ара оңдоп-түзөө иштеринен улам ушул кырдаал жаралышы мүмкүн деп кошумчалалашты мекемеден.
Эске салсак, окурман жогорудагы маселе боюнча "ХБК кичи районунда крандан кир суу чыгып жатат. Мындай көрүнүш 10 күн мурун да кайталанган. Кыш босогодо турат. Ушундай учурда да оңдоо иштери жүрөбү? Бул суу менен суу жылытуучу жабдуулар, кир жуучу машиналар зыянга учурайт", - деген.