"Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылында кен иштеткен түрк фирмасынын иштешине каршы митинг өтүп жатат. Азыр нааразычылык билдирип чыккан 300 тургун болсо, 400дөй спецназ абалды байкап турат" дейт аталган айылдын тургуну Айдайкан Суранова. Тургундардын SUPER.KG порталына билдиришинче, митингге чыгууга башка нерсе да себеп болгон.
"1 ай мурун Терек-Сай айыл өкмөтүнүн тургуну жылкысына кетип жатканда, аны түрктөрдүн фирмасындагы постту кайтарган адам уруптур. Кийин айылдык балдар барып мушташкан экен. Постту кайтарып жаткан адам жардан кулап, буту сыныптыр. Буга тиешеси бар деп 15 баланы милиция кечээ, 2-декабрда кармап кетти. Азыр алардын ата-энелери Жалал-Абадга кетишти.
"Балдарды бошоткула" деген талап менен аялдар жол тостук. Кийин эле спецназдар келип, бизди таратканга аракет кылышты. Мыйзам түрктөргө эмес, бизге эле иштей береби? Биз "балдарды бошоткула, түрктөр иштебесин" деген талап коюп жатабыз. Азыр жолго боз үй тигилип жатат", - дейт Суранова.
Атын атагысы келбеген дагы бир жергиликтүү жашоочу түрктөрдүн иштешине жашоочулар 100 пайыз каршы экенин билдирди. Маалыматка караганда, алтын казуу максатында келген түркиялык компания 2016-жылдын январынан бери аталган аймакта иш алып барат.
Бул маселе боюнча район башчысынын орун басарына, айыл өкмөт башчысына кайрылып, маселенин экинчи тарабын угууга аракет кылдык. Бирок байланыша алган жокпуз. SUPER.KG порталы экинчи тараптын да версиясын угуп, чагылдырууга даяр.