Бишкекте башкы балатынын чырактары жандырылды (фоторепортаж)

Бүгүн, 10-декабрда Бишкек шаарындагы борбордук "Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн башкы балатысынын жарыгы жандырылды. Башкы балатынын жандырылышы концерттик программа менен коштолуп, шаар тургундары суукка карабай шаңдуу маанайда болушту.

Балатыны жасалгалоо иштерин "Бишкек свет" жана "Тазалык" муниципалдык ишканалары жүргүздү. Балаты 350 даана оюнчук, узундугу 4 миң 900 метр болгон дюралайт зымынан оймо-чиймелер, 240 метр түстүү жарык берген гирлянда, 240 метр болгон мишура менен кооздолгон. Борбор калааны Жаңы жыл майрамына жасалгалоонун концепциясы Бишкек шаардык архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан. Ал "Кышкы жомок" деп аталат.

”Ала-Тоо” аянтындагы жаңы жылдык балаты жандырылды
Жаңы жылдык балатынын чырактары жанды. Концерт менен коштолгон майрамдан репортаж
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Chagylgan2
2018-12-10 21:40:13
Мага анча жакпады. Монотонный, ар жылы окшош. Чет олколордо коздун жоосун алган балатылар бар. Чакан чакан шаарлардагы балатылар биздин бир канча миллион коротуп курган балатыдан алда канча кооз корунот.....

Суротторун илет болчум, болбойт да. Кыскасы, бизде фантазия жок, миллиондорду жеп эптеп эле балаты тургузуп коюшат... Уят!!!
0
AIA-TOO
2018-12-10 22:09:25
Эмне пайда табышты миллиондорду коротуп жегич уурулар.
0
ikitaidesu
2018-12-10 22:24:22
Бейиш бекер, тозокту сатып аласың деген ушул да... Канча мекендештер жүрөт кийим кече мындай турсун, жылуу тамакка зар болуп. Кайнененин карды ток, келин менен иши жок болуп жүрүшөт да эми жепжутаттар...
+2
bek_tash
2018-12-10 23:20:36
Сары чач, ак шарфчан кызды сүйүп калдым...
-2
datkayimjan
2018-12-10 23:56:27
Ээ туугандар,балаты жакта кызык болуптур. Апрель каналында андан да кызык нерсе болду да. Ордоктор тике тике учту го чиркин. Бириндетип аткым келди да...
0
Makkambaev97
2018-12-11 03:56:43
Футболистер жөнүндө тест кайсыл жерде админ
+1
Гүлзахира Дөөлөталы кызы
2018-12-11 07:33:42
admin_superstan
2018-12-11 07:58:04
Дарыгер, dastan.bujun, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
tannuru1503
2018-12-12 00:45:53
Откон жылдагы оюнчуктар кайда кетет? Неге ошолорду сактап койбой жылда акча коротушат?
+1
Karakash
2018-12-18 17:34:24
tannuru1503, ал оюнчуктарды мериянын кызматкерлери уйуно алып барып илип алышат.
0
Malik92
2018-12-18 20:41:08
Мэриңер Курбан ыраазы болсун депатабы(((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан