super.kg logo

ТЕСТ: Криштиану Роналду "Ювентуска" канча миллион еврого өттү? Футболдо орун алган трансферлер тууралуу билесизби?

 

Футболдук клубдар натыйжалуу жыйынтыктарга жетүү үчүн акчасын аябай, жыл сайын рекорддорду койгонго даяр болууда. Жылдан жылга оюнчулардын баасы жогорулап, азыркы тапта 200 миллион евро турган футболчулар да бар. SUPER.KG порталы сиздерге дүйнөдөгү эң кымбат футболчулар тууралуу тесттен өтүп көрүүнү сунуштайт.


кошулду


1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Кыргыз улуттук курама командасынын эң кымбат оюнчусу ким?

Футболчулардын баасын изилдеген "Transfermarkt" деп аталган спорттук сайттын маалыматы боюнча Кыргыз курамасынын жана орусиялык "Енисей" футболдук клубунун оюнчусу Валерий Кичин 700 миң еврого бааланган.

Кийинки суроо


Азамат Байматов
Антон Землянухин
Валерий Кичин
Эдгар Бернхард

Испаниялык "Барселона" кайсы оюнчуну кытайлык клубдан 40 миллион еврого сатып алган?

2017-жылы испаниялык "Барселона" кытайлык "Гуанчжоу Эвергранд" клубунан 40 миллион еврого бразилиялык Паулиньону сатып алган. 2017-2018-сезондо Паулиньо 34 оюнга катышып 9 гол киргизген. 2018-жылдын трансферлер сезонунда "Барселона" Паулиньону кайрадан "Гуанчжоу Эверграндга" 50 миллион еврого сатты.

Кийинки суроо


Луис Суарес
Андре Гомеш
Иван Ракитич
Паулиньо

Футбол тарыхындагы эң кымбат дарбазачы ким?

Азыркы таптагы эң кымбат дарбазачы испаниялык Кепа Аррисабалага. Аны англиялык "Челси" футболдук клубу "Атлетиктен" 80 миллион еврого сатып алган.

Кийинки суроо


Кепа
Алиссон Беккер
Жанлуижи Буффон
Мануэль Нойер

"Ювентус" футболдук клубунун эң кымбат баага сатып алган оюнчусу ким?

"Ювентус" клубу Криштиану Роналдуну 112 миллион еврого сатып алып, Роналду клубдун эң кымбат оюнчусу аталды.

Кийинки суроо


Гонсало Игуаин
Жанлуижи Буффон
Криштиану Роналду
Пауло Дибала

Футбол тарыхындагы эң кымбат коргоочу ким?

Дүйнөдө футбол боюнча эң кымбат коргоочу - Виржил Ван Дейк. Аны 2017-жылы "Ливерпуль" футболдук клубу "Саутгемптон" клубунан 85 миллион еврого сатып алган.

Кийинки суроо


Серхио Рамос
Жерар Пике
Давид Луис
Виржил Ван Дейк

"Манчестер Юнайтед" футболдук клубу эң кымбат баага кайсы оюнчуну сатып алган?

2016-жылы англиялык "Манчестер Юнайтед" футболдук клубу "Ювентустан" Поль Погбаны 105 миллион еврого сатып алган. Муну менен Погба аталган клубдун эң кымбат футболчусу аталган.

Кийинки суроо


Поль Погба
Криштиану Роналду
Дэвид Бекхэм
Уэйн Руни

2 жолу дүйнөнүн эң кымбат футболчусу аталып, дүйнөлүк рекордду жаңылаган атактуу футболчуну атаңыз...

1982-жылы "Барселона" футболдук клубу Диего Марадонаны 8 миллион еврого сатып алып, Марадона ошол кездеги эң кымбат футболчу аталган. Арадан 2 жыл өтүп Марадона "Наполи" футболдук клубуна 10 миллион еврого өткөн. Муну менен Марадона дагы бир жолу дүйнөнүн эң кымбат оюнчусу болуп, 2-ирет дүйнөлүк рекордду жаңылаган.

Кийинки суроо


Пеле
Диего Марадона
Лионель Месси
Криштиану Роналду

"Реал Мадрид" футболдук клубунун эң кымбат баага сатып алган оюнчусу ким?

"Реал Мадриддин" эң кымбат баага сатып алган оюнчусу Гарет Бейл. Аны "Реал" 2013-жылы "Тоттенхэмден" 100 миллион еврого сатып алган.

Кийинки суроо


Криштиану Роналду
Зинедин Зидан
Гарет Бейл
Хамес Родригес

Англиялык "Ливерпуль" футболдук клубу Мохаммед Салахты канча миллион еврого сатып алган?

2017-жылы англиялык "Ливерпуль" италиялык "Романын" жарым коргоочусу Мохаммед Салахты 42 миллион еврого сатып алган. "Ливерпулда" Салах 11-катар номеринде ойноп жүрүп, 1 сезондун ичинде команданын лидерине айланган.

Кийинки суроо


42 миллион евро
52 миллион евро
82 миллион евро
60 миллион евро

Футбол тарыхында баасы 100 миллион евродон жогору турган канча футболчу бар?

Футболчулардын баасы жыл сайын жогорулап, 5 жыл мурун 100 миллион евродон ашып өттү. Анда алгачкы оюнчу Гарет Бейл болду, аны "Реал Мадрид" 2013-жылы 100 миллион еврого сатып алган. Андан жогору баага сатып алынгандар Поль Погба, Усман Дембеле, Криштиану Роналду, Филиппе Коутиньо, Мбаппе жана Неймар болду.

Кийинки суроо


5
7
10
15

Футбол тарыхындагы эң кымбат аталган жаш футболчу ким?

"ПСЖ" футболдук клубу франциялык Килиан Мбаппени 180 миллион еврого сатып алып, Мбаппе футбол тарыхындагы эң кымбат жаш футболчу аталган.

Кийинки суроо


Неймар
Усман Дембеле
Килиан Мбаппе
Криштиану Роналду

Испаниялык "Барселона" футболдук клубу кайсы оюнчуну эң кымбат баага сатып алган?

Испаниялык "Барселона" футболдук клубу 2018-жылы кышкы трансферлер сезонунда "Ливерпулдан" Филиппе Коутиньону 160 миллион еврого сатып алган. Муну менен Коутиньо "Барселонанын" эң кымбат оюнчусу болгон.

Кийинки суроо


Лионель Месси
Неймар
Филиппе Коутиньо
Луис Суарес

Италиялык "Ювентус" футболдук клубу Криштиану Роналдуну алуу үчүн "Реал Мадридге" канча каражат төлөдү?

Италиялык "Ювентус" футболдук клубу Криштиану Роналду үчүн "Реал Мадридге" 112 миллион евро төлөдү.

Кийинки суроо


106 миллион
112 миллион
120 миллион
152 миллион

Футбол тарыхындагы эң кымбат аталган футболчу ким?

Франциялык "ПСЖ" футболдук клубу 2017-жылы Неймарды 222 миллион евро төлөп "Барселонадан" алышкан. Муну менен Неймар футбол тарыхындагы эң кымбат оюнчу аталган.

Кийинки суроо


Криштиану Роналду
Лионель Месси
Килиан Мбаппе
Неймар

Орусиянын эң кымбат оюнчусу?

Франциянын "Монако" футболдук клубу Дүйнө чемпиондугу бүткөн соң "ЦСКАдан" 22 жаштагы Александр Головинди 30 миллион еврого сатып алып, Головин Орусиянын эң кымбат оюнчусу аталды.

Кийинки суроо


Юрий Жирков
Александр Головин
Артём Дзюба
Игорь Акинфеев

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(9)
15.08.2018. 14:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
04-01-2018
Соӊку аракети:
14-09-2018 15:41
Жынысы:
Белгисиз
-2
бир суроо ката болуп калган ювентуска КР7 117 миллионго откон аны ката деп чыкты и силер 112 деп койгонсунар
15.08.2018. 21:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
894
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 22:54
Жынысы:
Белгисиз
-1
uranis,Сен озун билбесен эле бироону куноолой бересинби?Ювентус общий 112млн евро толоп берет.Бул официально болгон келишим,сен кайдагы цифраны алып журосун озун?!
15.08.2018. 15:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
465
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
18-09-2018 23:03
Жынысы:
Белгисиз
0
11 туура жооп.
4 ката
Жыйынтык 74
15.08.2018. 16:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
22-02-2017
Соӊку аракети:
18-08-2018 19:14
Жынысы:
Белгисиз
+1
13 туура 2ката жыйынтыгы 87балл
15.08.2018. 17:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
108
Катталган:
07-12-2014
Соӊку аракети:
18-09-2018 20:56
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай тест жагат мага 67 упай алдым ))
15.08.2018. 21:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
894
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 22:54
Жынысы:
Белгисиз
-1
ArgenMers,Молодец!!!
16.08.2018. 17:02 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
17-06-2018
Соӊку аракети:
16-09-2018 17:18
Жынысы:
Белгисиз
0
87 бал алдым
16.08.2018. 23:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
116
Катталган:
28-04-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 23:19
Жынысы:
Белгисиз
0
7 балл
29.08.2018. 10:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
09-04-2015
Соӊку аракети:
18-09-2018 17:57
Жынысы:
Белгисиз
0
47
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114196;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: