Ар бир төрөткананын кире беришинде "Төрөт бекер" деген жазуу илинип турат. Бирок ал нерсе сөз жүзүндө гана экенин 2 ай мурун уулдуу болгон Ырысбек SUPER.KG порталына айтып берди. Ал төрөт үйлөрү гана эмес, балдар ооруканасында да менчик клиникалардын кардарына аргасыздан “милдеттендирилгенин” айтып, ата болгондон бери моюнуна түшкөн түйшүктөрү тууралуу кеп салды.
9-октябрь күнү Ырысбек жубайы Айгерим (аты өзгөртүлдү) менен ата-эне статусуна ээ болушкан.
“9-октябрда Бишкектеги №1-төрөт үйүндө жубайым көз жарды. Жубайым көз жарары менен анын төрөтүн кабыл алгандар тарабынан "сүйүнчү" дегенге туш болдук. Эгер ушунча акчабыз кетерин билсек, менчик клиникага эле алып бармакмын. Биздин өлкөдө карапайым калк өзү акча берип отуруп жаман көндүргөнүн моюнума алам. Эгер менин жакшы маяналуу, туруктуу жумушум, үстүбүздө үйүбүз болсо, бул маселени көтөрүп чыкмак эмесмин. Апам пенсионер, бир тууган иним студент. Кээде баарына жетишүү үчүн күнү-түнү иштегенге туура келет. Аялым көз жарган түнү жанымда жол киреге деген гана акчам бар болчу. Жубайым экөөбүз сүйүнчүсүн эртең менен берели деп жагдайыбызды түшүндүрдүк. Жаштыгыбызданбы, эртеси күнү сурабайт деп ойлодук. Бирок күтүүсүздөн жаңы төрөлгөн ымыркайым менен жубайымды коридорго жаткырып коюшту. Мен “эмнеге коридорго жаткырдыңар?” десем, “орун жок” деп орой жооп беришти. Ага да кайыл болдук, бир маалда тазалык кызматкери болуп иштеген эже келип “мен аялың менен балаңды каралашып турам” деп сүйүнттү. Кубанганымдан чөнтөгүмдөгү акыркы 200 сомду анын колуна карматтым. Ал албайм деп каршы болду, бирок башка жакшы мамиле кылган адамга туш болбогонумдан болбой акчаны анын чөнтөгүнө салдым. Акчам жок, түнкү саат 3тө үйүмө жөө келдим. Коляска, бешик алабыз деп бекиткен 7 миң сом акчабызды алып кайра төрөт үйүнө жөнөдүм. Кайра барсам алгач киргизбей, бирок мен акча бергенге келгенимди айтканда эшикти дароо ачышты", - дейт жаш ата.
Анын айтымына караганда, ал акча алып келген маалда анын жубайын палатага которуп коюшкан. Ал педиатрга миң сом берип, калган акчаны аялына карматып үйүнө кетет.
"Эртең менен аялымды төрөткөн дарыгерлер өздөрү палатасына барганда акчасын алган экен. Төрөт үйүнөн чыгарып жатканда да акча бериш керек экенин угуп, эки дарыгерге 500 сомдон берип чыгып кеттик. Арадан 3 күн өтүп үйгө эне-баланы текшерүү үчүн үй-бүлөлүк медициналык борборунун дарыгери келди. Ал балабызды көрүп, денеси саргайып (желтуха) кеткенин айтты. Ошентип шаардык балдар ооруканасынын патология бөлүмүнө барып жаттык. Эртеси күнү анализдерден уулумдун билирубини (дененин саргаюусу өт пигменти, канда жана ткандарда топтолушунан теринин, көздүн агы жана былжыр челдин саргарып кетиши) 490 экени аныкталып, дароо жандандыруу бөлүмүнө которушту. Ал жакта 10 күн жаттык. Дарыгер "кымбат баалуу дары керек, мүмкүнчүлүк болсо алып келгиле" деди. Билирубинди нормага түшүрө турган бир эле Октагам деген дары бар жана баасы 6 400 сом экен. Ал шаар ичинде бир эле жерде сатылат экен. Дарыгер мага дарынын аталышын жазып бергенде Ахунбаев жана Ч.Айтматов кең көчөлөрүнүн кесилишиндеги дарыканада гана сатыларын айткан. Бирок мен жолдон бир нече дарыканага кирдим, ал дары жок болуп чыкты. Дарыгер берген кагазды көрсөтсөм, фармацевт “Балдар ооруканасынан келдиңерби же Жалданбы” деп сурады. Бул дарыгерлер менен дарыканалар иштешкенин далилдейт, алар ортодон өз пайыздарын алганына көзүм жетти. Андан да кызыгы, ал дарыны уулума тамчылатма аркылуу бергенде дарыгер аны аялыма көрсөтпөй койгон экен. Ал дарыны алгандан кийин дарыгер эртеси менчик клиникага кан тапшырганга жиберди. Анда да уулум өзүнчө, аялым өзүнчө анализ тапшырышы керек болчу. Бирок мындай анализди мамлекеттик ооруканадан деле алса болот го. Эртеси күнү бир инфекцияны аныктоо үчүн дагы менчик клиникага жиберди. Мен ага ачууланып айтсам, “анализдин жыйынтыгы мага эмес, силерге керек” деген жооп уктук. Мен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун "113" номуруна чалып, бул тууралуу билдирдим. Эртеси күнү дарыгерлер кечирим сурап, өздөрү анализ аларын айтты", - дейт дарыгерлерге нааразы ата.
Жаш атанын айтымына караганда, муну менен эле көйгөй бүткөн эмес. Денесинин саргаюусун токтотуу үчүн ымыркайды лампанын алдына жаткыруу керек болгон. Ал жерде да талаш-тартыш болуп, ымыркайлары үчүн кезек талашкан энелердин урушуна күбө болгон. Анын ачууланганы 6 400 сомго алган дарынын эч кандай жардамы тийбегени болгон.
"Эки жумалык алышуудан кийин үйгө чыгарышты. №2-үй-бүлөлүк борборго каттоого турдук. Педиатрга жолугарыбыз менен ал бизди кайра менчик клиникага жиберди. "Кортекс" аттуу менчик клиникага баланын баш мээсин тарттырышыбыз керек болчу. Эртеси күнү мен дагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чалдым. Ал жактан дароо үй-бүлөлүк борбордун директоруна байланышка чыгышыптыр. Мен педиатрга барсам, ал ордунда жок экен. Борбордон өзүндө деле баланын баш мээсин тартууга шарттар бар экенин билдиришти. Директордун орун басарына кирсем, ал “Медициналык камсыздандыруу фондуна чалбай эле койсоң болмок” деп педиатр менен сүйлөшүп, мындай нерсе кайталанбашын айтарын билдирди. Ортодо уруш чыкты, натыйжада ал жактан уулумду каттоодон чыгарууга туура келди", - дейт Ырысбек.
"Төрөт бекер... "
Бул тууралуу маселени айтып, төрөт үйүндө же үй-бүлөлүк борбордон акча талап кылып, менчик клиникага анализ тапшырууга жибергенге укуктары барбы деген суроо менен Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылдык. Министрликтин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева бул тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:
"Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык, бардык мамлекеттик төрөтканаларда төрөт бекер. Эгер акча талап кылышса, ар бир төрөт үйүнүн кире беришинде тиешелүү мекемелердин номурлары көрсөтүлгөн, ошол жактарга кайрылышса болот. Мамлекеттик төрөт үйүндө же ооруканада керектелүүчү дары-дармек жок болгон учурларда дарыгерлер мүмкүнчүлүктөрү болсо сатып алууну өтүнүшөт. Ошондой эле кайсы бир изилдөөнү жүргүзгөнгө тиешелүү жабдыктар жок болсо, менчик клиникага жиберүүгө туура келет", - дейт Асылбашева.