Орусиянын жараны делген Бишкек шаардык кеңешинин депутаты мандатынан ажыратылды

Жусупбек Коргонбай уулуОрусиянын жараны делген Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу мандатынан ажыратылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди.

Маалыматка караганда, аталган депутат "Республика-Ата Журт" фракциясынын мүчөсү.

"Жусупбек Коргонбай уулу Орусиянын жарандыгын 2007-жылы алган. Ал азыр да аталган өлкөнүн жараны. Муну Орусиянын Юстиция министрлиги тастыктады. Кечээ саат 17:00дө аталган маселе боюнча жыйын өткөрдүк. Жыйынтыгында аталган депутатты мандатынан ажыратуу чечими кабыл алынды. Документтер бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт”, - деди ал.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Boha1
2018-12-20 10:10:39
Шайланып атканда неге жарандыгы каралган эмес?
+6
Megapoliz
2018-12-20 10:35:46
Шайланып атканда булардын козун май басып акчаны эле коруп калган эле эми минтип жоготуп атат жакшылап карагыла дагы болушу мумкун коп нерсе...
+2
Berlin_86
2018-12-20 11:27:12
Темага байланыштуу жазбаганым кечирим сураймын. Ал жакта талкуу жабык экен
0
Kyrgyz_bloger
2018-12-20 12:41:47
Мнеге башка жогорку канештин депутаттары же министрлер жонундо жарандыгы барбы деп сураганда Россия айтпайт дагы кичинекей чиновниктерди айтат
0
admin_superstan
2018-12-20 13:10:19
Berlin_86, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан