Кочкор районунда орун алган жол кырсыгында каза болгондор жубайлар болгону белгилүү болду. Бул тууралуу Нарын ОИИБинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 19-декабрда Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 205-чакырымында Ауди 100 үлгүсүндөгү унаа КамАЗ менен сүзүшүп эки киши каза болуп, бир адам жаракат алган.
"Жол кырсыгынан улам Ак-Талаа районунун Баетов шаарынын тургундары 1949-жылы төрөлгөн А.К. жана 1952-жылы төрөлгөн О.Ж. аттуу жубайлар каза болгон. Ошондой эле кырсыктан 1970-жылы төрөлгөн А.К. аттуу аял оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген", - деп билдиришти Нарын ОИИБинен.
Жол кырсыгы 19-декабрь күнү саат 19:42 чамасында Кочкор айылынын тушунда катталган.