"ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына окурман соода-сатык иштери жүргүзүлгөн сайттардын биринде курал сатылып жаткандыгы тууралуу билдирүү жиберген.
Интернеттен курал сатылып жаткан жарыяга көңүлүм түштү. Көрсөтүлгөн номерге байланышып, "куралдын тиешелүү документтери барбы" деп сурадым. Ал "документи жок эле сатып жатам" деди. Ушундай куралды ачык сата берсе болобу? Жарыяда "3 огу менен сатылат" деп жазылып турат", - деп билдирген окурман.
Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматкери Нурлан Сүйөркулов SUPER.KG`ге аталган куралды колдонуу үчүн уруксат кагазын алуунун кереги жок экенин билдирди.
"Мыйзамга ылайык, кээ бир ок атуучу куралдарды уруксат кагазы менен колдонууга болот. Уруксат кагазы бар куралдарды сатууга да мүмкүн. Ал эми интернетте жарыяланган МР 371 тапанчасы ок атуучу курал болуп эсептелбейт. Ал тапанча көпчүлүк учурда спорттук мелдештерде старт берүү үчүн колдонулат. Мисалы жеңил атлетика боюнча мелдешке катышып жаткан жөө күлүктөр тапанча атылган учурда чуркап башташат. МР 371 тапанчасын колдонуу үчүн уруксат кагаздын кереги жок", - деди Сүйөркулов.