Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Музаффар Исаков мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазды. Аталган маалыматты SUPER.KG порталына БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов ырастады.
Маалыматка караганда, Исаковдун арызы БШКга бүгүн тапшырылган.
"Арыз БШКга бүгүн, 24-декабрда келип түштү. Анын маселесин бүгүнкү жыйында да карасак болмок. Бирок отурумубуз башталып калган болчу. Арызды эми алдыдагы жыйындарда карайбыз. Исаков өз ыктыяры менен депутаттык мандаттан баш тартып жатат. Тизме боюнча кезекте Бишкектин мэри Азиз Суракматов турган. Бирок ал буга чейин эле мандаттан баш тарткан. Эми кезекте Өмүрбек Бакиров турат", - деди ал.
Өмүрбек Бакиров Жогорку Кеңештин V чакырылышында "Ата Журт" фракциясынан депутат болгон.
2017-жылдын 13-февралында башкы прокурор тарабынан Музаффар Исаковго карата "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Маалыматка ылайык, Исаков Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда 315 мыйзамсыз токтом чыгарган. Ал 2010-2015-жылдар аралыгында райондук архитектура жана Мамлекеттик каттоо кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, 14,34 гектар айыл чарба багытындагы жерди жеке курулуш иштерин жүргүзүүгө берген деп айыпталууда.