Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүндө грант аркылуу алынган баасы 2 жарым миллион сомдук экскаватор Шортон көлүнө чөгүп кетти. Мындай маалыматты бүгүн, 25-декабрда Чаек айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучу Айгүл Токтоналиева тастыктап, буларды билдирди.
"Амкодор 702ЕА үлгүсүндөгү экскаватор бир ай мурун алып келинген. 23-декабрда Шортон көлүнүн үстүндөгү хоккей аянты боло турган жердин карын күрөө үчүн айдап барышкан. Көлдүн суусу жакшы тоңо элегине байланыштуу унаа чөгүп кеткен. Учурда техниканы чыгаруу мүмкүн болбой жатат, себеби экскаватордун жанына башка техниканы алып баруу да коркунуч туудурууда", - деди Токтоналиева.