Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев президенттик аппаратты сынга алды.
Башында депутат айрым мамлекеттерге визасыз режим киргизүү боюнча мыйзам долбоору даяр экенин, аны күн тартибине киргизүүнү суранган. Бирок президенттик аппараттын кызматкерлери бул долбоорду киргизбөө үчүн аракеттерди көрүп жатканын байкап, аларды сынга алды.
"Эгер президент өзү айтса, бир жөн, бирок президенттик аппарат кийлигишсе, туура эмес. Бул жерде чуркап, "материал даяр эмес" дегени туура эмес. Биздин материал даяр. Президент долбоорубуз боюнча пикирин айткан жок да. Президенттик аппарат өз ишин жакшы алып барсын. Агитация кылбасын, тоскоолдук кылбасын. Азыр деле ушундай учурлар болуп жатат", - деди Бекешев.