Жумгал районундагы кар күрөө үчүн айдалып барып, сууга түшүп кеткен техника суудан чыгарылды. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
"23-декабрь күнү Чаек айылынын Шортон тилкесинде МТЗ-89 үлгүсүндөгү трактордун айдоочусу муз аянтчасынын карын сүрүп жаткан учурда муз жарылып, трактор жарымына чейин сууга түшүп кеткен. 27-декабрь күнү тракторду суудан чыгаруу үчүн айыл аймактан 1 жүктөгүч, 1 трактор, 1 ГАЗ-53 унаасы жана ӨКМнын №43 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу барып, унааны суудан чыгарышкан", - деп билдирет басма сөз кызматы.
Суудан чыгарылган техника Чаек айылына бир айдай убакыт мурун грант аркылуу алынып келингени маалым. Аны Шортон көлмөсүнүн үстүнө тоңгон музду хоккей аянтчасына даярдоо үчүн кар күрөгөнү айдап барышкан. Тракторду муз көтөрө албай, ал сууга түшүп, жарымынан көбү суу астында калган.