Ошто гемодиализ алып жаткандардын жакындары министрлик тендерди артка кайтаруу маселесин чече албай жатканына нааразы болууда

Ошто гемодиализ алып жаткан 42 бейтаптын жакындары кечээ Бишкекке келишкен. Учурда 15ке чукул адам Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдына чогулуп турушат.

Маалым болгондой, 2018-жылдын ноябрь айында гемодиализ боюнча дарылоону жүргүзүү үчүн тендер жарыяланып, ага БЭМАН жана ЮРФА менчик дарылоо борборлору катышкан. ЮРФА ар бир гемодиализ үчүн 5850 сом сунуштаса, БЭМАН 5200 сом сунуштап, тендерди утуп алган. Бирок тендерден уткан борбордун шарты жакшы болбогондуктан бейтаптар тендерди жокко чыгаруу талабын коюшууда.

Алардын бири Рысгүл Сейитбекованын айтымында, БЭМАН борборунун шарты жакшы эмес.

"Буга чейин дарыланып келген ЮРФА борборунун шарт жакшы эле. Эми тендердин жыйынтыгы менен бейтаптарды БЭМАНга өткөрүп берип жатат. Ошондуктан ал жакка барууга каршы болуп, Бишкекке келдик. Себеби БЭМАНдын дарылары, кан өткөргөн фильтрлери таза эмес. Биз министрликтен тендерди жокко чыгарууну талап кылып жатабыз. Министрликтин өкүлдөрү бүгүн Ошко барып текшерип келип, "шарты жакшы эле экен" дешти. Айлабыз кетип жок дегенде башкы дарыгерди алмаштырып бергиле деп кайрылдык. Бирок "жеке ишкананын кадр маселесине кийлигише албайбыз" деп жооп кылышты. Эми эртең Ак Үйдүн алдына барып президент, Жогорку Кеңештин депутаттарына, төрагасына кайрылабыз", - деди Сейитбекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Take_men
2019-01-09 22:19:26
Гемодиализ алуу үчүн льготага тууганымдын кызынын документин тапшырдык. Ал 14 күндө министрге жетет экен. Андан кийин кезекке койушат экен. Азыр 5500 сомдон ар бир 2-3 күндө Бэмандан өтүп жатышат. Эртен акчасы түгөнсө эмне болот белгисиз...өкмөт бөлгөн 54 миллионду алып дагы 5500 сомдон алышса эмне дешти да билбейсиң...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан