Бишкектин Октябрь райондук соту "Жайшуль Махди Кыргызстан Жамааты" террордук уюмунун 3 айыпталуучусун өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы 19-июлда билдирди. Өмүр бою эркинен ажыратылган Эдил Абдрахманов, Бакыт Кенжегулов жана Данияр Кадыралиев түзөтүү колониясында күчөтүлгөн тартипте жаза мөөнөтүн өтөшүп, мүлктөрү конфискацияланат. Айта кетсек, бул иште аталган 3 жаран жана башкалар 2010-жылдын 9-сентябрында Бишкектеги синагогдор үйүнүн жанындагы жардырууга, 2010-жылдын 30-ноябрындагы Спорт Ордосунун имаратынын жанындагы жардырууга, Токмок шаарындагы 2 жардырууга жана башка оор кылмыштарга катыштыгы бар деп айыпталышты. Бул иште жалпы 13 адам күнөөлүү деп табылды. Акбарали Хатамов, Муратбек Дөөлөтказиев, Турдубек уулу Руслан жана Сайитжафар Асиров 23 жылга кесилди. Ал эми Ийгилик Усекеев менен Маратбек Чекирокоев 22 жылга эркинен ажыратылышты. Мындан сырткары, айыпталуучу Айбек Коргонбеков 8 жылга, Кубанычбек Медетбеков 7 жылга, Дүйшөнбек Турдалиев, Дамирбек Батырбашев 4 жылга кесилип, үй мүлкү конфискациялана турган болду.