Ош облустук ооруканасына жеңеси тарабынан катуу сабалып, өлүү жеткирилген 2 жаштагы наристенин өлүмү жана шектүүнүн турмуш-тиричилиги боюнча жаңы маалыматтар аныкталды.
Маалыматты Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан тастыкташты. Анда белгилүү болгондой, 2 жаштагы наристе тарбияланган үй-бүлөнүн турмуш шарты начар болгон.
"Кылмышка шектелип кармалган 30 жаштагы келин Ош шаарында алма сатып тиричилик кылган. Ал эми анын жолдошу базарда араба түртүп иштеген. Үй-бүлөнүн 5 баласы бар. Аларга кошуп маркум наристени 5 жаштагы бир тууганы менен кошо 7 баланы багып келишкен. Каза болгон баланын ата-энеси ажырашып кетип, аларды атасы алып калган. Өзү Орусияга иштегени кетерде агасы менен жеңесине 2 баласын таштап кеткен. Ал 1991-жылкы болсо, аялы 1993-жылы төрөлгөн.
Социалдык коргоо кызматкерлери кылмышка шектүүнүн үйүнө барышканда анын жолдошу Жалал-Абадга кетип калганы белгилүү болгон. Ал эми каза болгон наристенин 5 жаштагы бир тууганы жана кылмышка шектүүнүн балдары үйүндө жалгыз калышканда аларга үй-бүлөнүн улуусу, 12 жаштагы кыз баш-көз болуп калган. Учурда балдарды мамлекет өз карамагына алуу иштери боюнча социалдык кызматкерлер иш алып барууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (этиятсыздыктан адам өлүмүнө алып келген оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголду. Шектүүнүн баш коргоо чарасы эртең, 12-январда каралат.
Окуя тууралуу айта кетсек, 10-январь күнү Ош облустук ооруканасына жеңеси тарабынан катуу сабалып 2 жаштагы наристе келип түшкөн. Дарыгерлер анын ооруканага чейин эле каза болуп калганын аныктап, милицияга кабарлашкан. Шектүү катары кармалган 30 жаштагы келин аны шымына сийип койгону үчүн тарбиялоо иретинде уруп койгонун айткан.