Ошто кайнисинин баласын шымына сийип койгону үчүн сабап өлтүргөнгө шектелип кармалган аял 6 айлык кош бойлуу

Ошто кайнисинин баласын шымына сийип койгону үчүн сабап өлтүрүп койгонго шектелип кармалган аял 6 айлык кош бойлуу. Ал буга чейин 5 баланын энеси болгон. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда SUPER.KG порталына шаардык милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, каза болгон 2 жаштагы наристе тарбияланган үй-бүлөнүн турмуш шарты начар экендиги, шектүү келин базарда алма сатып иштесе, күйөөсү араба түртүп тиричилик кылышканы маалымдалган. Кечээ өлтүрдү делген келиндин үйүнөн кароосуз отурушкан 5 бала шаардагы "Боорукерлик" реабилитациялык борборго алып кетилген. Бүгүн кайра кылмышка шектүүнүн күйөөсү жана кайнисине кайтарылып берилди. Үйдө шектүү келиндин 5 баласы, кайнисинин 2 баласы болуп 7 бала тарбияланган.

"Бүгүн сотто кылмышка шектүүнүн баш коргоо чарасы каралды. Сот тергөө-иликтөө иштери аяктаганга чейин кылмышка шектүү катары кармалган 30 жаштагы К.Б.ны 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды. Ошондой эле кылмышка шектелген келин 6 айлык кош бойлуу экендиги да аныкталды. Андан сырткары анын 5 баласы бар, эң улуусу 12 жашта", - дейт облустук милициянын басма сөз катчысы Замир Сыдыков.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

10-январь күнү Ош облустук ооруканасына жеңеси тарабынан катуу сабалып 2 жаштагы наристе келип түшкөн. Дарыгерлер анын ооруканага чейин эле каза болуп калганын аныктап, милицияга кабарлашкан. Шектүү катары кармалган 30 жаштагы келин аны шымына сийип койгону үчүн тарбиялоо иретинде уруп койгонун айткан. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (этиятсыздыктан адам өлүмүнө алып келген оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Aman-moskva
2019-01-12 21:07:36
Ушун дай ХХХХ барбы кудай сактасын бетин тоспой корсотуп койгула да
+2
Bazana
2019-01-12 21:22:14
План жок эле тууй беришет, бала туулса эле эптеп чонойуп калат деген тушунук бар бизде ,
+13
gulmi
2019-01-12 22:11:53
Bazana,тарбиядан.Жашы жыйырмага жеткен балдар кыздарды аял ал,куйоого тий дей беришет.Уйбулодо кантип жашаш керек экенин,жоопкерчиликке уйротушпойт.
+5
Batma08
2019-01-13 17:06:33
gulmi,туура ошондой
0
namys
2019-01-12 21:39:31
Озунун 5баласы,кайнисинин2баласы,дагы кош бойлуу ,базарда кечке отурса.мен бул келинди эч актаган жокмун,бирок чарчап калган наристенин атасынын ,апасынын да жоопкерчилигин караш керек ко .
+5
zhaku2017
2019-01-12 21:51:55
Жаман оюнарда арабтардын паранджасын оронуп алса эле укмуш элестетесинер. Мына динге берилип оронгондорун деле адам олтуруп, корунгон жерде согунуп сагынып журушот. Анан дагы ислам дини ыйман деп коесунар. Тескерсинче агрессиянын бары диничилдиктен келип чыгып жатат.
-1
kayratbek81
2019-01-12 22:08:09
zhaku2017,сен эмне учун динди бул жерге тыгып атасын!
+5
ashuular_plus
2019-01-12 23:49:39
zhaku2017,
Сөзүңүзгө аралжы дегендей, жаш кыздар хиджаб кийсе эле ыймандуу деп ойлочумун, өткөндө маршруткада кетип бара жатып бир хиджаб кийген жапжаш кыз бетин табактай кылып отуруп алып жанында кичинекей кызы менен туруп бара жаткан эжеге орун бошотуп бербей койгонунан бул оюман кайттым. Хиджаб кийген кыздын баары эле ыймандуу-ызаттуу эмес экен көрсө...
+3
allaberdi
2019-01-13 05:47:03
zhaku2017, сен жылаңач жүрө бер
0
gulmi
2019-01-12 22:08:21
Кыргыздар,ойлонгулачы!Мааниси жок уйлонуп,жашай албай балдарынарды кучуктордой ар кимдин колуна тыштап кетесинер.Бул аял алма сатып иштесе 6 баланы торогону тан калдырат.Алына жараша торода.
+3
zhykyo
2019-01-12 22:21:54
Тыпыратып тууп салышып эки жакты карап азыр илгерки заман жок СССР карайт деген
+3
Pandora
2019-01-12 22:51:10
Кечке базарда жүрсө 7 баланы,ким карап жүргөн? Бирин-бири эптегени? Кичине какус-кукус кылып кой, өлгөнчө да сабайбы?
+2
Aitunuk
2019-01-12 23:31:34
Иштин чоо-жайын үй камагына чыгаруу менен да аныктаса болот да, алты баланы ар кайсы жакка темселетпей. Жаңылбасам, сот жоопкерчилигине тартылганда, кичүү баласы он төрткө чыккандан кийин гана өтөсө болот деген берене бар да. Эмне үчүн бул закон катардагы жарандар үчүн иштебейт...А А.Саляновага окшогондорго гана колдонулат...
+7
binur5
2019-01-13 01:12:04
Aitunuk созуно кошулам эмнеге чондор законду оздоруно келгенде кыйын колдонушат карапайым элеге келгенде баарын жокко чыгарышат.Бул келин акылы ордунда элеби, тооба дейин кантип чычкандай балага кол которду сийсе сийгендир мынча эле кобойду балдарды сийип койду деп сабагандар .
0
titanik32
2019-01-13 02:28:17
Күнөөсү болсо жоопкерчиликке тартылсын,бирок закон баарына текши иштеш керек.Аида Салянованы соттоор маалда колунда кичинекей кызы бар экен соттогонго болбойт,кийин кызы чоңойгондо сот жоопкерчиликке тартылат дегенин окуган элем эми бул жагы кандай болот?Же закон бей бечара колунда жок адамдар үчүн иштейби?
+2
barakcha
2019-01-13 16:08:25
titanik32,закон карапайым элге эле иштейт.Замандан артта калбаныз!
0
allaberdi
2019-01-13 05:48:28
Динде айып жок туугандар, кылмышты сакал менен жоолуктан издебегиле.
+2
Janyjol.86
2019-01-13 20:45:08
Бул Келин деле анчалык катуу урбаса керек атайылап. бирас какус кукус кылам деп талылуурак жерине колу тийип кетсе керекда .тушундуруу иштерин жургузуп камабай эле койуш керек камалып кетсе берки балдары кор болотко байкуштун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан