Бишкектен чыккан Boeing 707 учагы экипаж мүчөлөрү менен кошо Тегеран шаарынын чекесинде кырсыкка кабылды. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазууда.
"Fars" иран агенттиги билдиргендей, Бишкектен учуп чыккан учак Карадж шаарындагы Пайам аэропортуна конуу үчүн бараткан. Бирок катачылык кылып, ошол эле шаардагы Фатх аэропортуна бет алган. Ушул эле маалымат булагы бортто 10 адам болгондугун жазууда. Алдын ала маалыматтарга караганда учкуч конор алдында учакты башкара албай калган. Натыйжада конуучу тилкеден чыгып кетип, калк жайгашкан районго кирип кеткен. Жергиликтүү Өзгөчө кырдаалдар багытында иш алып барган адамдардын айтымында, Boeing 707 жүк ташуучу учак болгон.
Учак Kyrgyzstan Аirlines авиакомпаниясына таандык болгону айтылууда. Учкучтарды сактап калууга мүмкүнчүлүк жаралып, экипаждын 2 мүчөсү каза болуп калганы кабарланды. Башка маалымат булактары экипаж мүчөсүнүн саны 16 адам экенин жазууда.