Бишкектен чыккан Boeing 707 учагы экипаж кызматкерлери менен кошо Тегеран шаарынын четинде кырсыкка кабылганы тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты. Аталган кырсык катталгандыгын SUPER.KG`ге эл аралык "Манас" аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова тастыктады.
Анын айтымында, учак ирандык авиакомпанияларга тиешелүү болгон.
"Кырсыкка кабылган учак бүгүн, 14-январь күнү эртең мененки 7:30да Тегеран шаарынын "Пайам" аэропортуна учуп кеткен. Ал ирандык компаниялардын бирине тиешелүү болгон жүк ташуучу учак болчу. Азыркы учурда учакта канча экипаж кызматкери болгону жана кайсы өлкөнүн жарандары экени такталып жатат. Толук маалымат берилет", - деди Курбанова.
Айрым чет элдик басылмалар Boeing 707 жүк ташуучу учагында 10 жана 16 экипаж мүчөлөрү болгон деп жазышууда. 2 экипаж мүчөсү каза болуп, 2 учкуч аман калган. Калгандарынын абалы азырынча белгисиз.