Иран басылмалары: "Тегеранда кырсыкка кабылган учактагы 16 адамдын бирөө гана аман калган"

Бишкектен учуп чыгып, Тегеранда кырсыкка кабылган жүк жашуучу Boeing 707 учагынан 1 эле адам аман калган. Мындай маалыматты Fars басылмасы Ирандын Өзгөчө кырдаалдар боюнча башкармалыгынын билдирүүсүнө таяп жазды.
Буга чейин Press TV басылмасы экипаж мүчөлөрүн сактап калуу мүмкүнчүлүгү жаралып, бирок 2 адам каза болгондугун жазган.
"Учактын бортундагы 16 экипаж мүчөсүнүн бирөө гана аман калды. Ал учактын инженери", - деп жазылат билдирүүдө. Ал эми учак кырсыкка учураган жердеги жашоочулар тууралуу маалыматтар азырынча белгисиз.
Бүгүн, 14-январдын таңында Бишкектен учуп чыккан Boeing 707 учагы Карадж шаарындагы "Пайам" аэропортуна конуу үчүн бараткан. Бирок катачылыктан улам учкуч ошол эле шаардагы "Фатх" аэропортуна бет алган. Маалыматтарга караганда, учкуч учакты башкара албай, конуучу тилкеден чыгып кетип, калк жайгашкан районго кирип кеткен. Жергиликтүү Өзгөчө кырдаалдар багытында иш алып барган адамдардын айтымында, Boeing 707 жүк ташуучу учак болгон. Ал эми айрым маалымат булактары учактын ичинде тоңдурулган эт болгонун жазып чыкты.
"Манас" эл аралык аэропортунан аталган жүк ташуучу учак ирандык компаниялардын бирине тиешелүү болгонун кабарлаган.
Бишкектен Тегеранга учуп чыккан Boeing 707 учагы кырсыкка кабылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан