Иранда кулаган учак Бишкектен эт ташып бараткан. Бул маалыматты SUPER.KG'ге "Манас" аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова тастыктады. Анын айтымында, учак бортунда 30 тонна мал эти болгон.
"Boeing 707 учагы Бишкектен эт жүктөп кеткени чын. Анда жалпы 30 тонна мал эти болгон. Бирок эмне малдын эти болгону бизге белгисиз", - деди Курбанова.
Өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын басма сөз кызматынын өкүлү Рахат Садырбекованын билдиргенине таянсак, 11-январда Иранга 30 тонна кой этин ташып кетүүгө уруксат берилген.