Президент "Ачык асман" мыйзамына кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеш кабыл алган “Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбооруна кол койду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги өздүк булактар кабарлады.

Маалыматка караганда, президент кол койгон документ 14-январда Жогорку Кеңешке келип түшкөн. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Аталган долбоор "Ачык асман" деп аталып, максаты бардык учактардын Кыргыз мамлекетинин аба мейкиндиги аркылуу каттоосуна мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү болуп саналат.

Мыйзам долбоорун Абдывахап Нурбаев баш болгон депутаттар тобу демилгелеп, өкмөт менен чогуу иштеп чыккан. Долбоор ишке кирген 6 айдан кийин жыйынтыгын берери айтылган.

"Ачык асман” - бул чет элдик авиакомпаниялар өз өлкөсүнөн Кыргыз мамлекетине учуп келип, транзит катары конуп, жүк таштап же жүктөп, жүргүнчү алып же таштап, май куюп, кайра үчүнчү өлкөгө учууга укук берген саясат. Аны Кыргыз өлкөсү 2003-жылдан бери ишке ашыра албай келет. Эксперттердин айтымында, "Ачык асман" ишке ашса, ички жана сырткы аба каттамдарынын билеттери арзандап, тейлөө жакшырат. Бирок бул ата мекендик авиакомпанияларды банкротко учуратат. Мындан улам аталган мыйзам долбоору депутаттар жана жергиликтүү авиакомпаниялар ортосунда талашка түшкөн болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Wold
2019-01-15 16:34:37
Бул эми эмнени кыйратышы мүмкүн?
0
shergazy9
2019-01-15 16:40:37
Бул деген европа олколоруно туз асман ачылды деген
+5
KAYRATBEK
2019-01-15 17:20:42
Ачык асман долбоору Кыргыз авиа компанияларына атаандаштык болуп, биздин авиа компанияларды уйкудан ойготот. Кыргыз авиа компаниялар 27жылдан бери уктап келет. Эми банкрот болбош учун, иштеп атаандаштыкка туруштук бере ала тургандай иштешет. Мен колдойм бул долбоорду
+5
Wold
2019-01-15 17:33:36
Жергиликтүү компанияларды банкротко учуратат, дейт, нормальный иштешпесе учурататта, кайдагы тарактаган эшек-араба учактарынын билеттери асманды чапчыйт, же ичинде норма тейлөө жок, азырак коррупция кылышып жаңы учактарды сатып алышсын биздикилер. Эскирген учактары канча жолу авария болушту?
+6
bazar
2019-01-15 18:08:28
Ким арзан ташыса элге ошол пайда.
0
altyn7776
2019-01-16 12:23:12
Эл учун болуш керек да. Биздеги эшек арабалар деп жакшы айтылыптыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан