Бүгүн, 16-январда парламенттин жалпы жыйынында депутат Алмазбек Токторов өкмөт өкүлүнө кайрылып, "Сиз командировкадан келдиңизби? Эмне себептен Жогорку Кеңешке футболкачан келдиңиз?" деп айтты.
Аталган жыйында "Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору каралып жаткан.
Парламент жыйынына Орто кесиптик билим берүү агенттигинин финансы-экономикалык бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Тынысов футболкачан келгени сынга алынды.
Тынысов жыйынга келери тууралуу эртең менен гана билгенин айтты. "Мага Жогорку Кеңештин жыйынына барарым тууралуу эртең менен гана айтышты. Жетекчи өзү келмек, ал ооруп калгандыктан ордуна келдим", - деди Тынысов.
Депутат Мирлан Бакиров Жогорку Кеңеш "базар" эмес экенин айтып, жыйындан чыгып кетүүсүн талап кылды.
"Бул жер базарбы? Жыйынга чакырылгандардын кийими эмне себептен көзөмөлдөнбөйт? Аппарат, эмнени карап отурасыңар? Сиз жыйынга катышуу үчүн тизмеде да жок экенсиз, кете берсеңиз болот", - деген Бакиров өкмөттүн өкүлүн жыйындан чыгарды.