Кыргыз өлкөсүнө Кытай товарларын көмүскө импорттоо фактылары жок. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда маалымат жыйында Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Алмаз Оңолбеков билдирди.
Анын айтымында, өлкө аймагына алынып кирилген жана чыгарылган товарлардын баары эсепке алынат. Ал учурда эсепке товардын баасы гана эмес, анын салмагы да эсептелинет.
2018-жылы Кытайдан өлкө аймагына 607 тонна товар алынып кирилип, анын баасы 1 миллиард 7 миллион долларды түзгөн. Ошол эле учурда 26 миллиард 650 миллион сом бажы төлөмдөрү төлөнгөн. 2017-жылга салыштырмалуу көрсөткүч 25 пайызга өскөн.
"Салмак боюнча Кытай менен бизде айрымачылык жок. Ал эми баасы боюнча маалыматтарда айрымачылык бар. Биз дайыма айтабыз, баалоонун ар кандай ыкмалары бар. Бирок айырмачылык эмнеден келип чыгып жатканын айта албайбыз. Кытай ички мыйзамга таянуу менен маалымат берүүдөн баш тартышат", - деп кошумчалады башчынын орун басары Алтынбек Торутаев.