Фархад Бекманбетовдун директор болушуна каршы болгон Кыргыз циркинин артисттери дале жумушка чыга элек. Бул тууралуу SUPER.KG'ге аталган мекеменин артисти Данияр Бөлөкбаев 29-январда кабарлады. Анын айтымында, жумуштан кетүү үчүн кайра жалпы 35 артист Бекманбетовго арыз жазып беришти.
"Биз жумуштан кетүү үчүн алгач маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловго арыз жазып берип, жумушка чыгуудан баш тартканбыз. Циркке Фархад Бекманбетов директор болуп дайындалгандан кийин кайра ага арыз бердик. Учурда жалпы 35 адам жумушка чыга элекпиз, мындан ары дагы чыкпайбыз", - деди Бөлөкбаев.
Кыргыз циркинин директорлугуна маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Фархад Бекманбетовдун, Кыргыз циркинин артисти Аида Акматованын жана балетмейстер Зарылбек Молдобакировдун талапкерлиги сунушталган. Бирок эмгек жамаат Аида Акматованын гана дайындалышын талап кылып Ак Үй алдына митингге чыгышкан. 24-январда Азамат Жаманкуловдун буйругу менен цирктин директору болуп Фархад Бекманбетов дайындалган.
Цирктин мурдагы директору Курмангазы Исанаев ээлеген кызматынан 2018-жылдын 20-декабрында бошотулган. Анын кызматтан кетүүсүнө эмгек жамаат менен болгон пикир-келишпестик түрткү болгон. Кыргыз циркиндеги жетекчилик менен кызматкерлердин пикир келишпестиги 26-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин комитетинде көтөрүлүп, циркти ижарага берүүдөгү жана билеттерди сатуудагы коррупция жана башка мыйзам бузуулар болгону айтылган. Биз маселенин чоо-жайын жазганбыз.