Депутат Камчыбек Жолдошбаевдин милицияда иштеген күйөө баласы Айбек Сыдыков мас абалда Lexus үлгүсүндөгү унаасы менен эки унааны сүзүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG'ге укук коргоо органдарындагы өздүк булактар тастыкташты. Маалым болгондой, учурда анын үстүнөн кызматтык териштирүү жүрүүдө.
Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Жылдыз Түлееванын маалыматына караганда, кырсык 10-февраль күнү саат 18:40 чамаларында Гоголь жана Чүй кең көчөсүнүн кесилишинде орун алган.
"Аталган жерде Lexus, Toyota Mark, Daewoo Nexia унаалары сүзүшкөн. Lexus унаасынын айдоочусу мас абалда болгон. Кырсык катталгандан кийин унаалар айып аянтчасына токтотулуп, унаа ээлеринин аты-жөнү такталган. Учурда келтирилген чыгымдын көлөмү эсептелип жатат", - деди Түлеева.