Туңгучта 6-кабаттан боюн таштаган кыз куткаруучулардын секирбе дегенине карабай өз жанын кыюуга аракет кылган. Окуя бүгүн, 20-февралда саат 14:00дөр чамасында болгон.
Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине кыз өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн. Анда Туңгуч кичи районунда белгисиз кыз көп кабаттуу үйдөн секирүүгө аракет кылып жаткандыгы айтылган. Кыз батирдин эшигин жаап алганы белгилүү болгон.
Ал ылдый жактагы адамдын суранычына жана кайрылуусуна көңүл бурган эмес. Милиция кызматкерлери ыкчам чараларды көрүп, килемди терезенин алдына жайып кармашкан. ӨКМнын кызматкерлери эшикти ачып, кызга акыл айтып, эпке келтирүүгө аракет кылышканы менен, кыз аларды укпай терезеден секирип кеткен. Ылдый жакта турган милиция кызматкерлери кызды куткарып калууга үлгүрүшкөн. Кыздын аты-жөнү такталды. Ал ушул жылдын май айында 18 жашка толот.