КСДП: "Сооронбай Жээнбековду душман дебейбиз, ал оппонент" (хронология)

Бүгүн, 22-февралда КСДПнын жыйыны Бишкекте "Медиа-форум" имаратында өтүп жатат.

11:00. Жыйын башталды.

11:10. Ага партиянын төрагасы, экс-президент Алмазбек Атамбаев да келип сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө "азырынча партияны таштап кете албайм, бирок убагы келгенде партияны өткөрүп берем" деп айтты.

11:20. КСДПнын мүчөлөрүнүн маалымат жыйынына төраганын орун басары Асел Кодуранова, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, КСДПнын катчылыгынын жетекчиси жана партиянын башка мүчөлөрү катышууда.

11:30. Жыйындын жүрүшүндө "КСДП 17-мартта митингге чыгат экенсиңер?" деген суроого Кодуранова жооп берип, жыл сайын 17-мартта атайын иш-чараларды өткөрүп келишерин, бул жылы да анын алкагында иш-чара өтө турганын белгиледи.

11:48. Депутат Карамушкина "Атамбаев - Кыргыз мамлекетинин тарыхында бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берген биринчи президент" деп айтты. Ал "КСДП Атамбаевсиз" кыймылынын артында ким турганы баарына маалым экенин билдирди.

"Атамбаев үй-бүлөлүк башкарууга каршы турган президент болду. Муну ал иш жүзүндө көрсөттү. Мындан кийинки президенттердин мөөнөтү бүткөндө кандай жол менен бийликти өткөрүп берери азырынча белгисиз", - деди Карамушкина.

12:00. Учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин пикир келишпестиги тууралуу сөз козголуп, ага КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева жооп берди.

"Эки адамдын пикир келишпестиги партияны бөлүп-жарууга алып келди", - деди Жолдубаева.

12:03. Мындан тышкары Алмазбек Атамбаев 2020-жылы парламенттик шайлоого катышары белгилүү болуп, ал партиянын сап башында турары айтылды. Ошондой эле партия жаңы жүздөр менен толукталары маалым болду.

12:20. Учурда аталган партиянын алкагында түзүлгөн комитеттер тууралуу жыйын уланууда.

12:30. "ЖЭБди жаңылоодо депутаттардын колун бурап макул кылышты деген кептер тарады. Бул депутаттардын суудан кургак чыгып жатканы", - деген ойлор айтылды.

12:36. Жыйын уланууда. Анда Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча келишимди ратификациялоодогу парламенттин жоопкерчилиги тууралуу суроолор берилүүдө. Бул учурда партия өкүлү Кундуз Жолдубаева ошол кездеги депутат, төрага жоопкерчилик алышы керек экенин айтты. "Аларды кыйнап эле чечим кабыл алдырган деген сөздөр болгондо мен "урматтуу депутаттар, силердин башыңар иштейби?" деп сурагым келет", - деди ал.

12:39. Жыйында ЖЭБди жаңылоонун алкагындагы сөз уланууда. "ЖЭБди ратификациялоо бизге керек болчу" деди партия өкүлү.

12:41. "Кытайга каршы маанайдын артында Атамбаев турат деп айтылды. Бирок Кытайга каршы ишти козуткан бийлик өзү. Анткени КСДП, Атамбаев эч качан Кытайга каршы иштин артында турбайт. Атамбаев убагында Кытай менен достукту чыңдаган", - деди Жолдубаева.

12:43. "Атамбаев Сооронбай Жээнбековго эмне кылды, анын 150 градуска бурулуп кетишине эмне себеп?" деген суроо берилди. "Бул ишти өзүбүз да түшүнбөй турабыз. Жээнбековду душман дебейбиз, ал болгону оппонент", - дешти партия өкүлдөрү.

12:45. Журналисттер тарабынан "башка партиялар менен биригесиңерби?" деген суроо берилди. Ага Асел Кодуранова "азырынча ал жөнүндө жооп берүү эрте" деп жооп берди.
12:50. "Атамбаевдин максаты - Кыргыз мамлекетинин туруктуулугун көздөйт. Азыр анын эң негизги пландарынын бири ушул болууда", - дешти КСДП өкүлдөрү.
12:56. "Мурунку президент менен азыркы президенттин тиреши 2 тарапка тең зыян алып келүүдө, мындан эл эле жүдөйт", - деди Жолдубаева жыйындын жүрүшүндө.
12:57. "Азыр КСДПнын абалы жакшы эмес, келечекте анын абалы кандай болот?" деген суроого Кодуранова жооп берди. "Бул саясий тагдыр деп айтам. Азыр Атамбаевдин командасында КСДПнын 4 адамы калды дегенге кошулбайм. Анткени партиянын башка мүчөлөрү да саясий абалды түшүнүп турушат. Шаардык кеңеште да КСДПнын мүчөлөрү бар", - деди ал.
13:00. "Мен кандай гана кыйын учур болбосун партиянын мүчөлүгүндө калам. Анткени ою өзгөрүлүп кеткендердин катарында эмесмин", - деп Ирина Карамушкина партиянын мүчөлөрү азайып кеткендиги боюнча кеп козголгондо айтты.
13:07. "КСДПдан ким кетет? Бир гана таза эместер кетет. Партияга өз кызыкчылыгы менен келгендер болгон, алар кайсы бир кызматка кызыгып келишкен, партиянын мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланышты. Кийин партия кыйыныраак абалга келгенде алар артын салып кетишти. Биз ага кайгырбайбыз, тазаланганыбыз жакшы", - деди партия өкүлү Жолдубаева.

13:12. Расмий өкүл Темирлан Султанбеков: "Эки адам тирешсе кимиси биринчи кадамды жасайт? Күчтүүсү жасайт. Атамбаев элди ойлоп ошондой кадамга баруудан баш тартпайт", - деди.

13:15. Бир журналист жыйында "парламент тарайбы?" деген суроо берди. Ага Асел Кодуранова: "Парламент тарабайт, тагдырын так айта албайм", - деди.

13:20. Жыйын аяктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан