Кечээ, 21-февралда Жогорку Кеңештеги жыйында депутат Ирина Карамушкина Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы түрк башталгыч мектеби тууралуу сөз сүйлөп, окуу жайдын жетекчилиги окуучуларга карата адепсиз иш-аракеттерди көрсөткөнүн билдирди. Эл өкүлүнө мындай маалымат ата-энелерден келип түшкөнүн, анда мектеп жетекчиси окуучуларды шымын чечүүгө мажбурлаган деп айтышканын айткан. Карамушкина бул окуу жай Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин короосунда жайгашканын белгилеп, лицензия албай иштеп жатканын кошумчалаган.
Буга байланыштуу Түркиянын Кыргыздагы элчилиги маалымат таратты.
"Кээ бир жалпыга маалымдоо каражаттарында чыккан дооматтарга байланыштуу бул маселе боюнча ыкчам түрдө иликтөө иштери башталып, окуу жайдын мүдүрү жана орун басарлары кызматтарынан четтетилип, ордуна убактылуу жетекчилик дайындалды. Түркиядан келе турган текшерүүчүлөр аркылуу зарыл болгон текшерүү иштери жүргүзүлөт. Мындан тышкары, бул маселе боюнча Кыргыздын тиешелүү органдары менен тыгыз кызматташтык жүргүзүлүүдө, керектүү бардык маалыматтар, документтер берилүүдө жана көмөк көрсөтүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Бул боюнча азырынча Билим берүү жана илим министрлиги маалымат тарата элек.