Кечээ, 4-мартта КСДПнын саясий кеңешинин жыйыны өттү. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта SUPER.KG порталына КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди.
Анын айтымында, буга чейин кабыл алынган чечимдер легитимсиз деп табылды. "Кожобек Рыспаевди, Сагынбек Абдрахмановду жана мени партиядан чыгаруу чечими легитимсиз деп табылды. КСДП 3-апрелде кезектеги съездин өткөрүү чечимин кабыл алды. Партиянын жетекчилерин алмаштыруу жана башка маселелерди съезддин катышуучулары чечет. Кечээги өткөн саясий кеңештин жыйынында кворум болду. Жыйынга депутаттардан Марат Аманкулов, Гүлкан Молдобекова, Жылдыз Мусабекова, Искендер Матраимов, Төрөбай Зулпукаров, Чыныбай Турсунбеков жана башкалар катышты", - дейт Өмүркулов.
Буга чейин партиянын төрагасы Алмазбек Атамбаев, депутат Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова маалымат жыйын өткөрүп, партиянын шаардагы жыйыны март айында, ал эми КСДПнын съезди 6-апрелде болорун айтышкан.
Былтыр 31-октябрда КСДП Иса Өмүркуловду "партиянын негизги максатына жана партиянын жобосуна каршы аракет жасаган" деп өз курамынан чыгарган.