Жактоочу: "Өлкөдөн качып кеткен судья Эрнис Чоткараев 1300 документти жок кылган"

Буга чейин Октябрь райондук сотунун судьясына жана ушул эле райондук соттун башка кызматкерлерине кылмыш иши козголгондугу маалымдалган. Анда белгилүү болгондой, Октябрь райондук сотунун Эрнис Чоткараев аттуу судьясы жана башка кызматкерлер 2017-2018-жылдардагы административдик материалдарды жок кылууга айыпталган.

Бүгүн, 11-мартта Эрнис Чоткараев 1300 документти жок кылган деген маалыматты SUPER.KG'ге жактоочу Майрамбек Жумабеков билдирди. Анын айтымында, Жогорку Соттун аппараты текшерүү жүргүзгөндө бул факты аныкталган. Ал эми Чоткараев өзү өткөн жылдын жай айында өлкөдөн чыгып кеткен. Андан кийин УКМК кылмыш ишин козгогон.

"Жогорку Соттун иликтөөсү көрсөткөндөй Эрнис Чоткараев мас абалында жана баңги каражаттарын колдонуп алып унаа башкарган жарандарга карата жазылган документтерди жок кылган. Муну Соттук департамент коммиссиясы да тастыктаган. Ал бул материалдар соттун архивин суу каптап калганда жоголгон деп түшүндүргөн, бирок архивди суу каптагандыгы аныкталган эмес", - деди Жумабеков.

Ошондой эле ал Чоткараев соттук отурумдарды жардамчы жана катчыларын чакырып алып ишемби күндөрү өткөрүп жүргөнүн, бул да мыйзамсыз экенин белгиледи. Тергөөчүлөр анын айыбын соттун жардамчысы Дүйшөн Алмаз уулуна оодаруу аракетин көрүшкөн, бирок Дүйшөн Алмаз уулу Чоткараевдин эмес, башка соттун жардамчысы болуп иштейт.

"Өткөн жылдын 5-ноябрында Дүйшөн Алмаз уулун кармап кетип, документтердин жоголушуна айыпташкан. Анын үстүнөн эч кандай арыз жазылган эмес, факты да жок. Ишти жаап коюу амалдары жүргүзүлдү. Ал Чоткараевдин эмес, башка соттун жардамчысы болчу. Анын үстүнө соттун жардамчылары кагаз иштерин эле толтуруп беришет, акчаны кантип алмак эле. Ошентип 3 кичинекей баланын атасы жөндөн-жөн эле 2 ай камакта отурду, аялы кош бойлуу", - деди жактоочу.

Окуянын чоо-жайы:

Судья Эрнис Чоткараевдин үстүнөн 2018-жылдын октябрь айынын соңунда Жогорку Соттон Судьялар кеңешинин дисциплинардык кеңешине мыйзамсыз иштерге барганы боюнча арыз түшкөн. Эрнис Чоткараев үстүнөн түшкөн арыздардан улам Бишкектин Октябрь райондук сотунун төрагалыгынан бошотулган. Айрым маалыматтарга караганда, Чоткараев өлкөдөн чыгып кеткени айтылган. Чоткараев жана Октябрь райондук соттун башка кызматкерлери 4 миллион 711 миң сомду алдамчылык жолу менен өзүнө ыйгарып алууга да шектелишкен. Чогултулган материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки тергөө үчүн УКМКга өткөрүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
-ali
2019-03-11 17:29:00
Качкандын баары жеп жутарлар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан