Жогорку Кеңештин төрагасы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин "чимкирик парламент" деп айтканына жооп кайтарды

Бүгүн, 20-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Дастанбек Жумабеков экс-президент Алмазбек Атамбаевдин "чимкирик парламент" деп айтканына жооп кайтарды.

"Апта соңунда экс-президент Алмазбек Атамбаев Аксы окуясында курман болгондорго куран окутуу маалында бир катар саясий билдирүүлөрдү жасап, анын ичинде Жогорку Кеңештин атына дагы сөз тийгизди. Мындай учурда төрага жооп бериши керек.

Кыргыз эли соңку 30 жылга жакын убакта авторитардык бийликтин ар түрдүүсүн баштан өткөрдү. Сиз айтып жаткан үй-бүлөлүк-кландык башкаруу 2002-жылы Аксыдагы кан төгүүгө себеп болгон. 2005-жылда, 2010-жылы революцияга алып келген. Коррупциянын гүлдөшү элди нааразы кылган.

Өлкөнү сиз жетектеген учурда бир катар жакшы иштер жасалганын танбайбыз. Анын ичинде парламенттик демократияга карай кадамдар ташталды. Бирок ошол эле маалда терс көрүнүштөр болгону, коррупциялык иштерге жол берилгени кыргыз элин карызга батырып, сиздин жан-жөкөрлөрүңүз байыган. Бул сиз башкаруудан кеткенден кийин билинип отурат. Былтыр күтүлбөгөн жерден Бишкек ЖЭБдеги авария, оңдоп-түзөө үчүн алынган насыя каякка жумшалган деген суроону унутпасаңыз керек. Сиздин таасириңиз парламентке дагы сезилип турган болчу. Сиз шыбаган Жогорку Кеңеш көз карандысыз комиссия түзүп, бир объектиден миллиондогон доллар уурдалганын аныктап чыккан. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө өкмөт отставкага кеткен. Мурдагы премьер-министрлер, экс-мэрлер, Бажы кызматынын жетекчилери камалганын билебиз. Кыргыз элин карызга батырган, бийликти ашыкча пайдаланып, оппоненттерине ар түрдүү кылмыш ишин токуган парламент эмес. Жогорку Кеңеш мындан ары дагы көз карандысыз ишин улантат. Сиздин ачуу эмоцияга алдырып айткан сөздөрүңүздү коррупцияга шектелген жакын адамдарыңызды актоого аракет деп баалайбыз. Бирок мыйзам алдында баары бирдей экенин унутпаңыз", - дейт Жумабеков.

Жогорку Кеңештин төрагасы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин "чимкирик парламент" деп айтканына жооп кайтарды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан