Ош ОИИБи: "Баласынан кордук көрдү делген 80 жашка таяп калган энени милиция көчөдө ыйлап жүргөн жеринен тапкан"

Ош шаарындагы "Ак жүрөк" кризистик борборунда 80 жашка таяп калган эне баш калкалап жатканы маалымдалган. Борбордун директору Дарика Асилбекова ал учурда психологиялык, медициналык социалдык жардам алып жатканын айтты.

Эненин айтымында, өз баласынан кордук көрүп келген, баласы ага кол көтөрөт. Бүгүн 22-мартта Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев SUPER.KG порталына бул иш боюнча тергөө жүрүп жатканын айтты.

Билдирүүгө ылайык, окуя 18-мартта Кара-Суу районундагы айылдардын биринде болгон.

"48 жаштагы жашоочу 78 жаштагы өзүнүн апасын урганы белгилүү болгон. Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренесинин негизинде (үй-бүлөдөгү зомбулук) кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Тергөөнүн жүрүшүндө баласы мас болгонун, өзүнүн эмне иш кылып жатканын билбей калганын айткан. Ошол күнү эне үйүнөн чыгып кетип, көчөдө ыйлап жүргөн жеринен милиция кызматкерлери көрүп "Ак жүрөк" кризистик борборуна өткөрүп беришкен. Тергөө улантылууда, анын жүрүшүндө дагы маалымат берилет", - деди маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Beks0207
2019-03-22 19:38:26
астагфирулло кандай адам болду екен акмак
+5
talant87
2019-03-22 19:50:01
Баласын бир муш уруп алсам кана ачуусун кормокмун
+5
Tasma2014
2019-03-22 23:23:47
Оо бир туугандар Аллах берген акыл эсти арака уулап, сени мени бул жарык дуйного келишибизге себеп болуп, 9 ай омурткасы ооруп которгон, 9 саат Жан чыдагыс ооруга чыдап толготкон, таман алды бейиш болгон ЭНЕ деген затты карыганда кор кыл байлычы, Энелердин козунон жаш аксын бирок ал бакыттын суйунучтун коз жашы болсун у!!
+3
CHingiz90
2019-03-23 11:14:34
Tasma2014,аминь
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан