УКМК "вице-премьер Жеңиш Разаков Тажикстандын тыңчысы" делген маалыматтарды иликтейт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Коопсуздук кызматынын басма сөз кызматкери Рахат Сулайманов кабарлады.
"Айтылып жаткан маалыматтар иликтенет. Териштирүү жыйынтыкталган соң толук маалымат берилет", - деди Сулайманов.
20-март күнү Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мурадыл Мадеминов вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго кайрылып, тажик маалымат булактары аны "кошуна мамлекеттин агенти" деп жазып жатканын айткан.
"Жеңиш Барпиевич, интернеттеги маалыматтарды окуп жатасызбы? Сизди кошуна мамлекеттин агенти деп жазып жатышат. Баткен облусунда губернатор болгонсуз. Бул маалыматты тажик тарап жазууда. Мен да күмөн санап жатам. Сиздин Баткенге барып, комиссияны жетектегениңиз туура эмес. Аталган маалыматты окуган болсоңуз отставкага кетишиңиз керек", - деген Мадеминов.
Ал эми Разаков депутатка "маселени жабык тартипте карасак, кандай маселе болгонун айтып берем" деп жооп кайтарган.